Жээнбековдун Түркиядагы сапары жыйынтыкталды

275
0

Жээнбековдун Түркиядагы сапары жыйынтыкталдыoip@adm.gov.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон расмий сапары 9-10-апрель күндөрү болуп өттү. Ал Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен тар жана кеңейтилген форматта жолукту. Тараптар  энергетика, транспорт, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн аспектилерин талкуулашты.

Мамлекет башчылар товар жүгүртүүнү жылына 1 млрд долларга чейин жеткирүү үчүн тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки өлкө ортосунда алты документке кол коюлду:

  1. Түркиянын инвестицияларга көмөктөшүүнү колдоо  боюнча агенттиги  (ispat) менен Кыргызтандын инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандум;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  3. Кыргыз Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  4. Кыргыз Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу;
  5. Кыргыз Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Келишим;
  6. Кыргыз Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда басма сөз жана маалымат тармагында  кызматташуу тууралуу Протокол.

Эки өлкө жетекчиси сүйлөшүүлөрдөн кийин чогуу маалымат жыйынын өткөрүштү.

10-апрель күнү Жээнбеков Түркия премьер-министри Бинали Йылдырым менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Андан соң мамлекет башчы Түркиядагы кыргыз диаспорасы менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Расмий визиттин аягында Сооронбай Жээнбеков Түркия Улуттук Улуу жыйынынын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушту Жолугушууда Исмаил Кахраман, “Түркия  Кыргызстан менен кызматташтыгын өнүктүрүп, колдой берет. Парламенттер аралык кызматташуу биздин өлкөлөрдүн өз ара  мамилелерин тереңдетүүдө өзгөчө роль ойнойт”,- деп билдирди.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков меймандостугу жана кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн Исмаил Кахраманга ыраазычылыгын билдирди.

“Биз парламенттик республика катары парламенттер аралык кызматташууга олуттуу маани беребиз. Түркия биз үчүн бир тууган өлкө жана ишенимдүү өнөктөш. Биздин бүгүнкү жолугушуу стратегиялык кызматташууну бекемдөөгө  жана бир тууган элдердин жакындашуусуна дем берээрине ишенем”,- деди Жээнбеков.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here