Саудияда “мутадил Ислам” негизиндеги реформалар уланууда

516
0

Саудияда “мутадил Ислам” негизиндеги реформалар уланууда

Саудиянын мураскер шахзадасы Мухаммад бин Салмандын “мутадил Ислам” долбоорун өнүктүрүү демилгеси жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Ушул демилгелеринин кезектегиси өлкөнүн борбору Эр-Рияд шаарында “baloot” оюну катары таанылган карта оюну үчүн казинолордун ачылышы болду. А түгүл бул оюнга башкаларды да тартуу үчүн жакшы ойногон карта оюнчусуна сыйлык да белгиленди. Биринчи орунга 500 000, экинчи орунга 250 000, үчүнчү орунга, 100 000 Сауд риялы менен сыйлык коюлду.

Ушуга да маани берүү керек, казинодогу карта оюндарында Каабанын имамдарынан Адил ал-Калбаний да катышууда. Каъба имамынын оюн столунда колуна карта кармап түшкөн сүрөттөрү социалдык тармактарга таркап кетти.

Буга кошумча бийлик мамлекеттик армиянын колу менен Саудиянын көптөгөн окуу жайларындагы китептерди жыйнап алды жана алардын ордуна 35 миллиондон ашык жаңы китептер таркатылды. 10 күн ичинде мектеп жана медреселердеги эки жүз миллион китептерди алмаштыруу пландаштырылган.

Кабарларда айтылышынча, эксперттик комиссия тарабынан жаңы китептерде Исламий фикрлерге өтө чоң өзгөртүүлөр киргизилген. Ислам дининин өтө көп тармагы, а түгүл Хулафаи Рошидиндердин жашоосу тууралуу бөлүмдөр да алып ташталган. Алардын ордун “чыдамдуулук, түшүнүшүү, тынчтык жана ынтымак” аттуу бөлүмдөр ээлеген.

Түркистон: 

Саудиянын таалим программасы ондогон жылдар бою жихадий кыймылдарды пайда кылуу негизинде иш алып барды. Кийин таалим багытын фикхтен истинбат кылуу услубдарын бузуу менен мазхабдарды дээрлик жокко чыгаруу тарапка бурду. Шия мусулмандарынын баарын каапырга чыгарып, алар яхудийлерден да кооптурак деген түшүнүк негизинде таалим берилди.

 Ушул жылдарга келип куфр дүйнөсү, өзгөчө АКШ, Англия дүйнөдө жихадий кыймыл жана уюмдарды пайда кылууда. Сауддар куфрдун мусулмандар арасында согуштарды пайда кылуу стратегиясына кызмат көрсөтүүдө! Учурда дүйнөлүк саясаттын стратегиясы өзгөрүп, өздөрү колдоп келген жихадий кыймылдардын көпчүлүгүн өздөрү бутага алууда! Аларды кырып жиберүүдөн мурун, үммөттү ушул кыргынга даярдап алышмакчы! Сауддардын жаңы таалим программасы куфрдун ушул максатына багытталууда. Аны “мутадил, салттуу…” деп атоо менен мааниси өзгөрбөйт. Куфр дүйнөсүнө кызмат кылып жаткандардын атында бир гана маани бар – саткындык” Мындан Аллах Өзү сактасын! 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here