Орусия өз жарандарын АКШ разведкасынан эскертти

278
0

Орусия өз жарандарын АКШ разведкасынан эскертти

Орусия өз жарандарына чет элге саякат кылуудан мурун кайрадан ойлонуп көрүү зарылдыгы тууралуу кеңеш берди. Себеби, АКШ бүткүл дүйнө бойлоп орустарды камакка алуу үчүн “аң улоого” чыккан. Бул тууралуу Орусия тышкы иштер министрлиги өзүнүн расмий сайтында жарыялады.

Министрлик өзүнүн баянатында, чет элге сапар тартып жаткан жарандар АКШ коопсуздук кызматы жана чалгындоо башкармаларынын талабына ылайык башка мамлекеттер тарабынан камакка алынып, АКШга тапышырылышы мүмкүн деп эскертти.

“Орусия өкмөтүнүн АКШ менен экстрадициялоо маселелеринде өз-ара укуктук кызматташуу орнотууга болгон аракеттерге карабастан, АКШ разведкасы бүткүл дүйнөдөгү орустарга “аң улоосун” улантууда”,- деп айтылат министрликтин расмий сайтында.

Министрликтин кабар беришинче, 2017-жылы Вашингтондун талабына ылайык, чет өлкөлөрдө ондон ашык Орусия жараны камакка алынган.

“Жогоруда айтылган абалдарды эсепке алуу менен, Орусия жарандары чет элге саякат кылууну пландаштырып жатса, айрыкча, АКШ коопсуздук кызматтарынын шылтоолору турганда, биз жарандарга дыкаттык менен бардык коркунучтарды эстен чыгарбоону сунуштайбыз”,- деп кошумча кылынат баянатта.

Министрлик орус жарандарына Вашингтон менен экстрадиция маселелери боюнча келишимде болгон мамлекеттерге этибар каратууга чакырат. Бирок, АКШ мамлекеттик департаменти азырынча бул маселе тууралуу үн катпоону абзел көрүүдө.

Түркистон:  

АКШ Орусия жарандары ичинен Путин режиминин өкүлдөрүнө жана бул кылмышкер режимдин тарапкерлери ичинен жүздөгөн атактуу адамдарга санкцияларын жарыялаган. Орусия бийлиги, абалды башка тарапка буруп, дүйнөлүк санкциялар Орусия мамлекетине жана орус жарандарына каршы алып барылууда демекчи. Муну менен алар, мамлекет башына түшүп жаткан апааттарды, режимдин каталары себептүү келип жаткан кесепеттерди жашыруу үчүн, АКШнын жек көрүүсү орус улутуна каршы каратылганын билдирмекчи!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here