Тажикстан адилет министри: Бизде саясий туткундар жок

283
0

Тажикстан адилет министри: Бизде саясий туткундар жок

Тажикстан адилет министри Рустам Шахмурод 31-январда министрликтин маалымат конференциясында сүйлөгөн сөзүндө, мамлекеттин абактарында саясий туткундар жок экенин министрликтин атынан билдирди. Анын айтымында, Тажикстан мыйзамында “саясий туткун” деген түшүнүк жок.

“Тажикстанда бирер саясий туткун жок. Тажикстан абактарындагылардын баары кылган кылмыштары себептүү жазага тартылган. Ушул убакка чейин эч ким саясий ишмердүүлүгү үчүн камакка алынбаган”,- деди Рустам Шахмурод.

Тажикстандагы адам укугун коргоочу адам катары таанылган Зариф Ализода журналисттердин “Ушул учурда Тажикстанда саясий туткундар барбы? деген суроосуна, “Биздин кылмыш-жазык мыйзамчылыгында саясий туткун же саясий кылмыш деген берене жок” деп жооп берди.

Бирок, “Эл аралык амнистия” уюму Ализоданын ушул сөздөрүнө мындай жооп кайтарды: “Мамлекеттин мыйзамында “саясий туткун” деген атама  болбосо да, Тажикстанда акыркы учурдагы сот жараяндары мунун тескерисин көрсөтүүдө. Түрдүү шылтоолор менен адамдардын мойнуна негизсиз айыптар жүктөлүп, жазага тартылууда. Мындай адамдар негизинен өкмөткө каршы саясий иш алып баргандыктан куугунтукка учурап, аларга каршы кылмыш иши козголгон”.

Мындан бир жыл мурун Тажикстан жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шахиён журналисттер менен болгон маегинде укук коргоочулар менен эл аралык уюмдардын сөздөрүн негизсиз деп баалаган. Шахиёндун пикиринде, укук коргоочулар саясий туткун деп атаган адамдар саясий ишмердүүлүгү үчүн эмес, балким олуттуу кылмыштары себептүү жазага тартылган. Маселен, Зайд Саидов менен Бузургмехр Яров сыяктуу адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жатышыптыр.

Сентябрь айында Варшавада өткөн ЕККУ жыйынында сөз сүйлөгөн “Нахзати исламия” (Тажикстанда террордук уюм катары тыюу салынган) партиясынын өкүлү, ушул учурда бул партиянын 150дөн ашык мүчөлөрү Тажикстан абактарында саясий туткун катары кармалып жатканын айтты. Бул болжолдуу гана көрсөткүч болуп, чыныгы сан мындан бир нече эсе көп. Себеби соңку 10 жыл ичинде Эмомали Рахмон режими динге каршы кең көлөмдүү амалияттарды өткөрдү. Натыйжада биринчилерден болуп мамлекетте террордук агымдар катарына киргизилген фикрий-саясий күрөш алып баруучу Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү камакка алынды. Кийинчерек Сириядаги көтөрүлүштөрдүн шылтоосу менен мамлекетте даъват алып баруучу “Салафий” жана “Таблиг” сыяктуу диний жамааттарга каршы кылмыш иштери козолду. 2015-жылы Тажикстанда шайлоодо аз добушка ээ болгон “Нахзати Исламия” мүчөлөрү бирме-бир жазага ылайыктуу деп табылды. Ушул жылдын сентбярь айында болсо, генерал Назарзоданын аскерий иштерин шылтоо кылып, “Нахзати Исламия” да башка диний жамааттардын катарында террордук уюмдардын тизмесине киргизилди. Ушулардан келип чыгып айта турган болсок, учурда Тажикстандагы режим Исламдын бардык көрүнүшүнө каршы тиш тырмагы менен тынымсыз күрөш алып барууда.

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here