Мусулмандардын радикалдашуусуна каршы күрөштө ислам менен экстремизмди аралаштырууга болбойт

294
0

Мусулмандардын радикалдашуусуна каршы күрөштө ислам менен экстремизмди аралаштырууга болбойт

 Диндарлардын радикалдашуусуна каршы күрөшүү үчүн ислам менен экстремизмди айырмалап билүү керек. Бул тууралуу “КМШ мусулмандары ортосунда радикалдык идеянын таркалышын кантип алдын алуу мүмкүн” аттуу видео көпүрөсү учурунда Казакстандын аскерий-стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Ерлан Рисбеков айтып өттү.

 “Учурда ислам бул экстремизм, мечиттердин толушу радикалдашуунун көрсөткүчү деп атоочу айрым “эксперттерди” жолуктуруу мүмкүн. Бирок мындай эмес. Мындай пикирлерден баш тартуу жана маалымат каражаттарында ислам тууралуу туталанууну токтотуу керек”,- деп билдирди Рисбеков.

 Анын ырасташынча, мындай пикирлер радикалдарга пайдалуу. Алар бул пикирлерди жаңы жолдошторун тартуу үчүн пайдаланышат.

 “Экстремизмдин негизин өзүнчө болуу, коомго аралашпоо, айланадагыларга жана өкмөттүн иштерине нааразы болуу түзөт. ИШИМ жаштардын көз алдында бир брендге айланып баратат жана анын түпкү максатын ачып берүү керек”,- деп кошумчалады эксперт.

 Рисбековдун пикиринде, экстремизмге каршы күрөштө эң биринчи кезекте жаштар, социалдык көйгөйлөрдү чечип, ислам жана экстремизмди айырмалоо үстүндө иштеши керек.

Түркистон: 

Ооба, Ислам менен “экстремизмди” аралаштырууга болбойт! Аларды бири-бирине жакындаштырууга да эч кандай негиз жок. Исламий “экстремизм, радикализм” куфр терминдери болуп, бул терминдер мусулмандарды бир нече тайпага бөлүп жиберүү үчүн пайдаланыла турган негизсиз түшүнүктөрдөн башка нерсе эмес! Бул түшүнүктөр исламий шаръий өкүмдөргө эле эмес, куфр терминдери менен тастыкталган маанилерге да туура келбейт.

“Силер алардын динине киргенге чейин алар силерден эч качан ыраазы болушпайт” деген аятты эстеңиз.

Дүйнөлүк куфр системасы, мусулмандар ичинен өздөрүнө ыктаган же аларга бирер материалдык кызыкчылык үчүн моюн сунган адамдардан турган бир тайпаны пайда кылууда. Аларды “мээлүүн исламчылар” деп атап, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүүгө үндөп жатат! Мээлүүнчүлөр, исламий баалуулук эсептелген хижаб, сакал,а түгүл куфрдун Аллах парз кылган даъватты чектешин да кабыл кылып, башкаларды ушуга мажбурлашууда. Алар ачык куфрга исламий түс берүүгө мажбурланып жатат! Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан… баары ушул багыт менен иш алып барууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here