Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

269
0

Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга жөнөп кетти

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда казак тараптын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Казакстан республикасына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин тар курамда жолугушуусу пландаштырылган.

О.э. эки өлкөнүн жетекчилери кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭбдин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Сапардын жыйынытыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Расмий сапардын алкагында Сооронбай Жээнбековдун Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу да пландаштырылган.

 Кабарда келишинче, Жээнбековдун сапары андан ары Россияда уланып, 26-декабрда Москвага жөнөйт.

 Жээнбековдун сапары Россия президентинин чакыруусу менен болору айтылууда. Президент Жээнбеков Москвада КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here