АКШнын 2018-жылга болжонгон аскерий бюджети 19,5 пайызга көбөйтүлдү

302
0

АКШнын 2018-жылга болжонгон аскерий бюджети 19,5 пайызга көбөйтүлдү

АКШ президенти Дональд Трамп 2018-жылга аскерий бюджетти 700 миллиард долларга көтөрүүгө буйрук берди. 2017-жылы АКШнын аскерий чыгымдары 587 миллиард доллар болгон эле. Трамптын жаңы коопсуздук стратегиясы себептүү бул каражат 19,5 пайызга көбөйтүлдү.

Дональд Трамп мурунку президенттен айырмалуу түрдө, ядролук эмес чабуулдарга каршы АКШ кеңири масштабда ядролук куралдардан пайдаланышы мүмкүн экендигине ишара кылды. АКШнын жаңы коопсуздук стратегиясын жарыя кылган Трамп “күч менен тынчтыкка жетишүү” урааны астында 2018-жылы рекорддук деңгээлде, 700 миллиард доллар каражат бөлүүгө буйрук бергендигин билдирди.

“Жаңжалдашууга алып бара турган эң ыңгайлуу жол – бул алсыздык. Ошондуктан, биз атаандашсыз күч – бул эң ишенимдүү коргонуу деп ишенебиз”, “Ядролук күч бардык жаңжалдарды жок кыла албашы мүмкүн. Бирок, ядролук чабуулдарды да жана ядролук болбогон стратегиялык чабуулдарды да о.э. кеңири масштабдуу чабуулдардын да алдын алуу үчүн ядролук күч болушу шарт”, – деп айтылат Трамптын жаңы коопсуздук стратегиясында.

АКШ президентинин ядролук эмес стратегиялык чабуулдардан коргонуу максатында ядролук куралдардан пайдалануу мүмкүн экендигин билдириши жаңы коркутуу катары бааланууда. Адистердин пикиринче, бул абал келечекте Американын ядролук куралдар маселесиндеги позициясын тартипке салуучу айрым өзгөрүүлөргө ишара кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here