Хизб ут-Тахрирге карата зулумдун уланышы нааразылыктарга себеп болууда

314
0

Хизб ут-Тахрирге карата зулумдун уланышы нааразылыктарга себеп болууда

Түркияда Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата адилетсиз сот зулумунун уланышы коомдогу калыс мусулмандардын нааразылыгына себеп болууда. 2016-жылдын 15-июлундагы ийгиликсиз аяктаган төңкөрүш аракетинде айыпталып  жаткан Фетхуллах Гүлен жамаатына караштуу судьялар 2009-жылы Хизб ут-Тахрирдин 58 мүчөсүн жалпысынан алганда 285 жылдык камак жазасына өкүм кылышкан эле. Ийгиликсиз аяктаган төңкөрүш аракетинен кийин ошол Гүленчи судьялардын бардык өкүмдөрү жокко чыгарылышына карабастан, алардын Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата чыгарган өкүмү Түркия Жогорку соту тарабынан кайрадан тастыкталды. Бул болсо, калыс жазуучулар, укук коргоочулар жана адвокаттардан турган бир топ мусулмандардын кескин билдирүүлөр менен чыгышына себеп болду. Алар мазлумдар тарапкери экендигин билдиришип, айрым маалымат агенттиктери жана интернет сайттарында билдирүүлөрдү берүү менен бул маселени күндүн негизги темасына айландырышты.

“Эркин пикир жана таалим укуктары” коомунун жетекчиси Ризван Кая, Гүленчи судьялардын жокко чыгарылган өкүмдөрү Хизб ут-Тахрирге келгенде өз күчүндө калышына көңүлдү бурду.

“Бул мыйзамсыздык жана кылмыштын себеби эмнеде? Чөйрөлөр өзгөрсө да, Хизб ут-Тахрирге карата мыйзам бузуулар өзгөрбөй кала береби? Бир да курал табылбагандыгына карабастан, 58 адам террордук уюмга мүчө болгондукта айыпталууда!” – деди Ризван Кая.

“Хизб ут-Тахрирге карата чыгарылган чечимден кийин төмөнкү сөздөрдү колдонууга мажбурбуз: Түркияда мусулмандар үчүн адилеттүүлүк деген сөз утопияга айланып калды. Бул мамлекетте ар бир мекемеге аралашып кеткен Гүленчилер жана анын судьялары бардыгына зулум кылыптыр да, бирок, Исламий уюмдарга зулум кылбаптырбы? Гүлендин ар тарапка жеткирген зыяндары бир-бирден каралып чыгууда, бирок Исламий жагы тилге алынбай жатат. Бул жерде анык бир максат бар”, – деди жазуучу Хаяти Садаф.

“Учурдагы адилетсиздиктерге, жаңы-жаңылары кошулууда. Жогорку сот Хизб ут-Тахрирдин 58 мүчөсүн жалпысынан алганда 285 жылдык камак жазасына өкүм кылды. Эч кандай зомбулук жана террорго аралашпаган адамдарды болгону пикир жана диний ишенимдери үчүн жазалоо кайсы нормага туура келет?” – деген суроону койду теле алып баруучу Мехмет Тупрак.

Бахадир Курбаноглу да “Хилал ТВ”да эфирге чыккан программада Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата бул адилетсиздиктер жөнгө салынышын талап кылды.

“Бул зулумдар качанкыга чейин уланат. 2023-жылга чейинби  же 2033-же 2053-жылга чейинби?! Кимден коркуп жатабыз, Америкага “ЭЙ” деп кайрылып жатабыз, (Израил)ге “ЭЙ” деп кайрылып жатабыз”, ички оппозицияга “ЭЙ” деп кайрылып жатабыз, бирөө-жарымдан корко турган жерибиз жок, ушундай болгон соң, бул (Хизб ут-Тахрир) маселесинде кимден коркуп жатабыз? Булардын иштери эч бир мыйзамга тескери эмес. Эмнеге аракетти баштабай жатабыз!” – деди Баходир Курбаноглу телепрограммада.

О.э.“Haksöz Haber” “Yöneliş Haber” “İLKHA” “Islah Haber”, “Hakyol Haber”, “Haber Duruş”, “İslam ve Hayat”, “Ekran Gazetesi”, маалымат агенттиктеринде бул тууралуу кабарлар таратылды. Бирок, адам укуктары жөнүндө ооз көбүртүп жаткан эл аралык маалымат каражаттары болсо, бул маселеге кайдыгер кароону улантып жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here