Сирия боюнча Астана жолугушуусунун 8-айлампасы аяктады

230
0

Сирия боюнча Астана жолугушуусунун 8-айлампасы аяктады

Казакстанда Сирия боюнча жолугушуунун 8-айлампасы болуп өттү. Жолугушууда тараптар, туткундарды азат кылуу жана регионду миналардан тазалоо боюнча келишип алышты. Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов окуп берген акыркы билдирүүдө, тараптардын Сириядагы террорчу (Жихадий) топторго каршы күрөшүү боюнча токтомдору кайрадан кайталанды.

О.э. билдирүүдө делегациялардын Сирияда зомбулукту азайтууга жана 2018-жылы, 30-январда Сочи шаарында өткөрүлө турган “Сирия Улуттук диалогу” конгрессине даярдык көрүү үчүн тартиптүү түрдө жолугушуу өткөрүүгө чечим кабыл алгандыгы кабарланды. Абдрахманов Астана жолугушуусунун 9-айлампасы 2018-жылдын февраль айында болуп өтүшүн да жарыя кылды.

Жолугушууга катышкан булактардан алынган маалыматтарга ылайык, Түркия, Россия жана Ирандын делегациялары туткундарды бошотуу жана тарыхий жерлердеги миналарды тазалоо боюнча келишип алышкан. Россиянын демилгеси менен Сочи шаарында өткөрүлө турган “Сирия Улуттук диалогу” конгресси 29-30-январга белгиленген.

Сирия оппозициясы аталган жолугушуунун алкагында Идлибде коопсуз аймак түзүүгө кепил болгон Россиянын делегациясы сүйлөшкөндүгүн билдирди. Оппозициянын билдирүүсүндө келгендей, Россия аларга азыркы баскычта туткундарды азат кылуу, жоголгон адамдардын өздөрүн же сөөктөрүн табуу мүмкүн экендигин убада кылган. Ошол эле учурда, оппозиция өкүлдөрү Россиянын расмийлерине кээ бир документтерди сунуштаганы да айтылууда.

Туркистон:

Астана жолугушууларында Идлибде тынчтыкты сактоо боюнча келишим түзүлгөндүгү жарыя кылынып, буга Россия, Түркия жана Иран мамлекеттери кепил болгондугу айтылып келет. Бирок иш жүзүндө башкача болууда, башкача айтканда, Идлиб калкын кепил болгон мамлекеттердин өздөрү кыргын кылууда. Асад режиминин атынан кепил болгон Россия Астана жолугушуусунан бир күн мурда Идлибге абадан чабуул кылды. Жергиликтүү булактардан алынган кабарларга таянсак, Россиянын авиа соккулары наыйжасында Идлибде жай тургундардан 17 адам өлүп, 35 адам жарадар болгон.

Кыскасы, Идлибдин коопсуздугун мойнуна алган мамлекеттердин бири болгон Россия Идлибди асмандан бомбалап жаткан болсо, Иранга караштуу жалданма согушкерлер жерден чабуул кылууну токтотпой жатышат. Түркия болсо, буларды көрүп-билип туруп, сүкүт сактап турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here