Путин: Россия Түндүк Кореянын ядролук макамын тааныбайт

273
0

Путин: Россия Түндүк Кореянын ядролук макамын тааныбайт

 “РИА Новости”нин кабарына таянсак, Владимир Путин Түштүк кореянын башчысы Мун Чжэ Ин менен Чыгыш экономикалык форумдун алкагында жолугушту.

Жолугушуу учурунда Владимир Путин эмоцияларга алдырбастыкка жана Түндүк Кореяны бурчка такабастыкка чакырды.

 Владимир Путин: “Эмоцияларга алдырбастык керек Түндүк Кореяны бурчка такоо керек эмес. Бүгүн бардык оор-басырыктуулукту көрсөтүп, кырдаалды курчутуучу кадамдардан өзүн тыйышы керек”, – деди.

Анын айтымында, Кытай менен кызматташтыктагы “жол картасында” Россиянын сунуштары эсепке алынган. Президент бардык тараптарды ушул кескин кырдаалды жумшартуу жана баскычма-баскыч жөнгө салуу боюнча демилгелерди жакшылап карап чыгууга чакырды.

Россия Түндүк Кореянын ядролук макамын тааныбайт. Себеби, Пхеньяндын ракета программасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын одоно түрдө бузуп келүүдө. О.э. ядролук курал жайылтпоо режимин бузууда жана Түндүк-Батыш Азия региону коопсуздугуна коркунуч туудурууда.

О.э. Путин Россия, Түштүк Корея жана Түндүк Корея менен үч тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди. Путиндин айтымында, Кореяга Россиянын газын жеткирип берүү жана электр тармактарын бириктирүү долбоорлору тууралуу сөз болууда.

Өз кезегинде Мун Чжэ Ин да Түндүк Корея менен проблемаларды чечүү боюнча Путин менен бир токтомго келишкендигин билдирди.

 Түштүк Кореянын жетекчиси: “Биз Владимир Путин менен ядролук жана ракеталык сыноолор  ката жол экендиги жана Корея жарым аралында кырдаалды жөнгө салуу маанилүү милдет экендиги боюнча бир пикирге келдик”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here