“Чегаралар ачылат” – Атамбаев жана Мирзиёев талылуу маселелерге чечим табышты

428
0

Чегаралар ачылат – Атамбаев жана Мирзиёев талылуу маселелерге чечим табышты

5- сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк сапар менен келди.

 “Спутник Кыргызстан” сайтынын кабарына таянсак, ошол эле күнү эки өлкөнүн президенттери тар чөйрөдө жолугушуп, соңунда журналисттерге маек курушкан.

Алмазбек Атамбаев тарыхый окуя болуп жаткандыгын айтып: “Бүгүн биз чегаранын 85 %ын аныктоо боюнча келишимге кол койдук, эми болгону  15 %ы гана калды. Эң башкысы – каалоо саясий эрк болсо бардык маселе боюнча кепке келүүгө болоруна ынандык”, – деди.

Шавкат Мирзиёев бул чындыгында тарыхый күн болгондугун тастыктап:

 “25 жылдын аралыгында чегаранын бир километри да аныкталбаптыр, бир жылга жетпеген убакытта 85%ы аныкталды”,- деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө чегарасын ээн-эркин кесип өтүү маселеси көтөрүлгөн. Атамбаев чегарадан өтүүнүн татаалдыгы Фергана өрөөнүнүн тургундары үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратып келгендигин белгилеген.

Атамбаев: “Сүйлөшүү маалында биз бардык маселелер боюнча бир пикирге келдик. Октябрга болжолдонуп жаткан менен Өзбекстанга болгон сапарыма чейин бүгүнкү келишимдердин баарын ишке ашырууга аракет кылабыз. Бардык өткөрүү пункттары ачык болуп,эл ары-бери эркин жүргүдөй болот. Чегара пикир келишпестиктин эмес, достук менен ынтымактын булагы болушу керек”, -деди.

О.э. Атамбаев менен Мирзиёев ГЭС маселесин да талкуулашкан.

 Мирзиёев: “Бүгүн биз суу жана ГЭС куруу маселеси боюнча макулдаштык. Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбай турганына сөз берди”, – деди.

Мирзиёев Өзбекстан аталган долбоорлорго каржы жагынан да, ресурс жагынан да колдоо көрсөтө турганын билдирип: “Камбар-Ата” ГЭСин чогуу курабыз, ал бизге керек”, – деди.

Атамбаев акыркы жыл ичинде кошуна өлкөдө кескин өзгөрүүлөр болгонунан токтолуп, реформалар жүрүп жатканын, мындай ыргак менен Өзбекстан географиялык эле эмес, саясий да, экономикалык да борборуна айланарын билдирген.

Ал: “Сиз Өзбекстан да, Кыргызстан да ондогон жылдар бою күтүп келген абдан прогрессивдүү жетекчисиз. Кеменгерлигиңиз үчүн үчүн ыраазылык билдирем”, – деди.

Өз кезегинде Мирзиёев Атамбаев өлкө башында турган аз жыл ичинде Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу боюнча бир топ аракеттер көрүлгөнүн айтып өттү. Муну менен Кыргызстандын ийгиликтерине Өзбекстан эле эмес, башка кошуна мамлекеттер да кубанып жатканын белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here