Нетаняху: Араб өлкөлөрү менен кызматташтыгыбыз болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкты

282
0

Нетаняху: Араб өлкөлөрү менен кызматташтыгыбыз болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкты

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху яхудий вужуду менен Жакынкы Чыгыштагы араб мамлекеттеринин ортосундагы мамилелер “болуп көрбөгөндөй” өнүгүүгө жетишкендигин билдирди.

Израиль премьер-министринин маалымат катчысы Офир Гендельман Израилдин тышкы иштер министрлигиндеги расмийлерге кайрылып, премьер-министр Нетаняхунун “Араб өлкөлөрү менен мамилелерибиз болуп көрбөгөндөй даражага жетти” дегенин билдирди.

Гендельман Нетаняхунун сөздөрүнө таянып айтышынча, яхудий аскерлери палестиналыктарга карата ишке ашырып жаткан зулумдар араб мамлекеттери менен Израилдин ортосундагы мамилелер жогорку даражада өнүгүшүнө таасирин тийгизбеген.

Израилдин премьер-министри: “Араб мамлекеттери менен кызматташуубуздун көлөмү анык белгилеп алынбаган, бирок, ар дайымкыдай эле өтө кеңири масштабда уланууда. Бул кызматташтыктар палестиналыктарга (кылган мамилебизге) карабастан уланууда. Өкүнүчтүүсү, палестиналыктар болсо ар кандай чечимге жетишүү үчүн пикирлерин өзгөртө элек”, – деди.

Нетаняху өткөн айларда да Израиль менен араб мамлекеттери ортосундагы кызматташтыкты жана мамилени өнүктүрүүгө көңүл бургандыгын айтып, бирок, бул маселе боюнча кеңири маалымат берген эмес.

2014-жылдын апрель айында Израиль менен Палестина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү токтотулгандыгы жарыя кылынган эле. Буга Израилдин 1967-жылы белгиленген чегараларды жана көчүп кетүүгө мажбур кылынган палестиналыктардын кайтып келүү укуктарын тааныбагандыгы о.э. яхудий баскынчыларынын турак-жай курууну токтотууга ыраазы болбогону себеп болгон эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here