Ак үй: Кытай менен экономикалык согуш абалындабыз

291
0

Ак үй: Кытай менен экономикалык согуш абалындабыз

АКШ Кытайга каршы экономикалык согушка киришүүдө. Бул тууралуу АКШ президентинин стратегиялык маселелер  боюнча башкы кеңешчиси Стивен Бэннон билдирди. Бэннондун айтышынча, Америка бул тирешүүдө жеңилип калышы мүмкүн.

Бэннон шаршемби күнү “American Prospect” журналына интервью берип: “Биз Кытай менен экономикалык согуш абалындабыз. Алар эмне кылып жаткандыгын кеңири айтышуда. Эки мамлекеттин бири 25 же 30 жылдан кийин гегемондук мамлекетке айланат. Эгерде биз ушул жолдо мүдүрүлсөк, алар биринчи болот», – деди.

Анын айтымында, Кытай менен экономикалык согуш – бул бардык нерсени өзүнө камтыйт.

Ал: “Менин назарымда Кытайга каршы экономикалык согуш бардык нерсени камтыйт. Биз бул нерселерге олуттуу көңүл бурушубуз керек. Эгерде жеңиле берсек, 5 же 10 жылдан кийин күчүбүздү эч качан кайтара албай турган чекитке жетип барабыз”, – деди.

О.э. Бэннон Ак үй Кытайга каршы агрессивдүү соода саясатын кабыл алышы керектигин көтөрүп чыгып жаткан саясатчылардын үмүтү жокко чыгып калышынан эскертти.

ЖМКларга жашыруун маалыматтар берилишинде Трамп Беннондон шектенип жаткандыгы кабарланган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here