Британия министри: Түркия биздин баш тартып болбой турган өнөктөшүбүз

257
0

Британия министри: Түркия биздин баш тартып болбой турган өнөктөшүбүз

2016-жылы 15-июлда Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Түркия бийлигин колдоп-кубаттоо үчүн тезинен Анкарага сапар кылган Британия министри Алан Дункан арадан бир жыл өтүп, дагы кайрадан Түркияга сапар кылды. Британиянын тышкы иштер министрлигинин Европа жана АКШ боюнча жооптуу министри Дункан борборго баруудан мурда Стамбул шаарында жарандык коомдун өкүлдөрү жана укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Дункан Түркияга сапар тартышынан мурда Түркия Британиянын ажырагыс өнөктөшү экендигин жана андан баш тартуу мүмкүн эместигин айтты.

 “Түркияга бешинчи жолу расмий сапар менен бара жатканыман кубанычтамын. Түркия Британиянын жакын өнөктөшү. Андан таптакыр баш тартып болбойт. Коопсуздук, соода жана илим-билим тармагындагы өнөктөшүбүз эки мамлекетке тең пайда алып келүүдө. Англия жакын дос катары, Түркиянын демократияны коргоо үчүн кылып жаткан аракеттеринде аны колдоп-кубаттоого даяр”, – деди Дункан.

Британиянын министри Стамбулдагы жолугушуулардан кийин, Анкарада Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Түркиянын Европа Союзу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча өкүлү Омер Челик жана оппозиция жооптуулары, айрыкча Республикалык Элдик Партиянын жетекчиси Кемал Кылычдароглу менен жолугушту.

Алан Дункан жана Кылычдароглу ортосундагы жолугушуу 30 мүнөткө созулду. Кабарларда келишинче, Дункан Кылычдароглунун ишмердүүлүгүн алкыштаган. Кылычдароглу да демократия үчүн болгон мүмкүнчүлүгү менен күрөшүп жаткандыгын жана демократия үчүн керек болсо бардыгын курмандыкка чалууга даяр экендигин билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here