Кыргызстан мусулмандарынан турган ыйманий мухит уламаларга Аллахтын аманаты эмеспи!

280
0

Кыргызстан мусулмандарынан турган ыйманий мухит уламаларга Аллахтын аманаты эмеспи!

Кыргызстанда 2017-жылдын аягында президенттик шайлоо болуп өтөт. Бул жолку шайлоо мамлекет үчүн өтө күчтүү саясий кескиндиктерди келтирип чыгарышы мүмкүн. Президенттин кетери анык болсо да, бирок ал өзү калыптандырган жетекчи топту бийликте сактап калмакчы болууда. Кыргызстан элитасы дээрлик президент тарапта эмес. Бирок, президент админстративдик ресурстардан пайдлануу менен башкаруу тизгинин өз таасири астында кармап калмакчы болууда.

Ушундан келип чыгып, Кыргызстандагы саясий күчтөр мусулмандардан турган исламий мухитти өзүнө тарта башташты. Алар исламий мухиттин жетекчи тобу болгон аалым-уламалар жана башка таасири күчтүү болгон исламий жамааттар жардамында таквадар мусулмандардын бир бөлүгүн өздөрү тарапка тартып алмакчы болушууда. Ушундан келип чыгып, исламий жетекчи топ өкүлдөрүнүн бир бөлүгү болуп калган таасирдүү адамдарды жана аалымдарды саясий кырдаалда мусулмандарды куфр тарапкери болгон арамза күчтөргө байлап берүүдөн эскертип, аларды Аллахтан коркууга чакырабыз!

Белгилүү болгондой, бул жолку президенттик шайлоо өтө кооптуу абалдарды келтирип чыгарышы күтүлүүдө.  Коопсуздук күчтөрү мусулмандар террордук иштерге даярдык көрүп жатат деген маанидеги кабарларды тарата баштады. Демек, кырдаал курчуп кеткидей  болсо, исламий уюмдардын же мусулмандардын атынан бирер операция уюштуруп жибериши мүмкүн экендигине ишара кылып, өздөрүнө атаандаш болгон күчтөрдү коркутмакчы болушууда. Айрым исламий лидерлер буга маани бербестен, мусулмандарды шайлоодо бирер тарапты колдоого үндөп жатышат. Негизи, алардын бардыгы куфрга негизделген программалары менен чыгып, кээ бирлери ар дайымкыдай эле шайлоонун алдында айрым ибадаттарды аткаруу менен өздөрүн исламий адам кылып көрсөтө башташат.

Аалымдарыбыз болсо, үммөткө кайрылып, бир аз исламий көрүнүшү бар бирер талапкерди шайлоо важиб деген фатваларды бере башташты. Алар, “ мусулман адам динибиз, мекенибиз, коомубуз жана улутубуздун келечегине кайдыгер болбошу керек” деген негизде сүйлөп жатышат. Негизи, бул ката позиция эмес. Т.а. мусулман адамдын өзү жашап жаткан чөйрөгө кайдыгер болушу өтө чоң күнөө болуп эсептелет. Бирок, чөйрөдө ыйманий мухит үстөм болушу керек. Т.а. бирер абалга баа берүүдө же аны реформа кылууда абал же вакиънин өзү негиз боло албайт. Ар бир реформа өз чечимин бир гана шарьий негиздерден алышы керек. Негизи, Кыргызстандагы президенттик шайлоо куфр программалары негизинде жүрүп жатат. Муну түшүнүп алуу үчүн аалым болуунун деле кереги жок. Аалымдар добуш берүүгө чакырып жаткан партиялар же саясий адамдардын бардыгы “динди турмуштан ажыратуу” деген акыйда негизиндеги демократиялык принциптер менен бара жатышат. Ал талапкерлер ал тургай исламды негиз кыламын деген күндө да, программалары куфр менен келишүү негизине курулган.

Демек, үммөттү жетектөө мүмкүнчүлүгү бар исламий адамдардын бул Аллах убактылуу берген аманатка кыянат кылышы өтө чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Алардын артынан ээрчип бара жаткан аамий адамдардын күнөөсү да ошол аалымдардын мойнунда болуп калышы мүмкүн. Силер өзүңөрдүн кандайдыр дүйнөлүк кызыкчылыгыңар үчүн мусулмандарды бөлүп-жарып, куфр партияларына байлап бермекчи болуп жатасыңар! Бул аракетиңерди актоо үчүн өз позицияңарды кандайдыр исламий сөздөр менен жасалгалап, исламий фикх усулуна жакындабай турган далилдер менен актанып жатасыңар! Мусулмандарды саясий ыпылас оюнга тартуу аракетиңер себептүү тарыхта жаман ат менен калышыңар мүмкүн.

“Куфр системасы ичинен исламий кызыкчылыктарыбызды коргошубуз керек го, силер кайдыгер туруу позициясына чакырып жатасыңарбы?” – деген суроону беришиңер анык.

Жок, биз кайдыгер болууга чакырбайбыз. Тескерисинче, активдүү болууга үндөйбүз. Бирок, коомдун жыргалчылыгын куфр жолу менен, же куфр менен кызматташуу аркылуу арам ыкмалар негизинде ишке ашыруу мүмкүн эмес. Себеби, коом да, вакиъ да биздин ыктыярыбызда кол астыбызда эмес. Андай деп ойлоо т.а. бул дүйнөдөгү жашообуз өз колубузда деп пикирлөө демократия акыйдасынын негизи болуп эсептелет! Биз болсо, бул дүйнөдөгү жашообуз Аллахтын колунда, ыктыярында, биз Анын ыктыярын ишке ашыруудагы бир каражат болушубуз мүмкүн деп билебиз. Ошондуктан, “мусулман адам Аллахка гана тобокел кылып, Ал Заттан нусрат күтүп, ар бир аракетти Ал көрсөтүп бергендей аткарууга мажбур” деп билебиз. Пайгамбарлар ушул Аллахтан келген тарыйкатты өзгөртүүгө көнбөй т.а. куфр менен келишпестен миңдеген жыл даьват жүгүн көтөрүштү. Алардын бири да жеңил жана жакын жол издешпеди. Себеби, ар бир вакиъден таасирленген шарьий эмес жол куфрга алып барат. Куфр менен келишүү же кызматташуу, башкача айтканда куфр менен исламдын аралашуусу – Ислам эмес, куфр деп этибар кылынат.

Ошондуктан, биз Кыргызстандагы Хизб ут Тахрирдин атынан сиздерди т.а. аалым-уламаларыбызды, куфр тузактарынан этият болууга чакырабыз. Биз исламий саясий хизб болгондуктан, сиздерди саясий исламий позициялар менен багыттап барабыз. Сиздердин исламий илим жана шарий өкүмдөр менен исламий үммөттү багыттап жатканыңарды жогору баалайбыз! Ошондой болсо да, бири-бирибизди ар дайым эскертип, ислам коргону ичинде көзөмөлдөп турушубуз важиб. Себеби, ар бир исламий шахсия өтө кадырлуу. Куфр да ушуну билгендиктен, бизди бири-бирибизден ажыратып, ортобузга фитна салып, арабыздагы аалымдарыбызды өзү тарапка тарып алмакчы болууда.  Ислам имараты үчүн ар бир исламий аракет өтө маанилүү! Дүйнөлүк исламий жеңиш бир гана ушул стратегия негизиндеги мафкура (идеология) менен аракеттенүүнүн артынан келет, инша Аллах.

17.08.2017

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмүнүн жетекчиси

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here