Путин: АКШ чечен согушкерлерин колдогон

276
0

Путин: АКШ чечен согушкерлерин колдогон

         Россия президенти Владимир Путин, Америка атайын кызматтары Чеченстандагы согушкерлерге жардам берип, Москванын бул тууралуу нааразылыктарына этибар бербеди деп билдирди. Ал режиссёр Оливер Стоундун “Showtime” телеканалында көрсөтүлгөн “Путин менен интервью” деп аталган документалдуу фильмде ушундай пикирин айткан.

“Чеченстанда, Түндүк Кавказда жаңжалдар башталганда, америкалыктар бул жараяндарды тилекке каршы колдоп-кубаттады”,- деди Россия президенти.

         Анын ырасташынча, Россия АКШ жардамынан үмүт кылган. Бирок, мунун ордуна Америка атайын кызматтары террорчуларды колдоп-кубаттаган.

“Эгер саясий колдоо тууралуу сөз болсо, муну далилдөөнүн кажети жок. Бул ачык жана ашкере кылынган. Оперативдүү, финансылык колдоп-кубаттоо тууралуу сөз болсо, бизде ушундай далилдер бар жана биз алардын айрымдарын америкалык кесиптештерге өткөрүп бергенбиз. Ошондо бизде анык көз караш пайда болгон. Америкалыктар сөз менен гана  Россияны колдоп, терроризмге каршы күрөштө кызматташтык тууралуу сүйлөшөт. Амалда болсо, ушул террорчулардан Россиядагы ички абалды изден чыгаруу үчүн пайдаланышат.

         Путин, АКШнын мурунку президенти Жорж Бушка Кавказда иштеген жана согушкерлерге техникалык жардам көрсөткөн америкалык атайын кызматкерлердин ысымдарын айтканда, анын билдирген пикирин да айтып өттү.

“Ал бул маселеге өтө терс көз карашта экенин айтып, муну жөнгө салаарын билдирген”,- деди Россия президенти.

         Мындан тышкары, Путин ЦРУнун Москвага жолдогон катынан да цитата келтирген. Анда, “америкалыктар өздөрүн оппозиция тараптын бардык мүчөлөрү менен мамиле кылууга акылуу деп эсептешет жана бул ишти уланта берет” деп айтылат. Путиндин ырасташынча, катта террордук тайпалар тууралуу айтылганы ачык көрүнүп турган. Ушуга карабай, алар террорчуларды кандайдыр бир оппозициялык күч катары көрсөтүүгө урунушкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here