Кытай өкмөтү исламий ысымдарга тыюу салды

351
0

Кытай өкмөтү исламий ысымдарга тыюу салды

            Шинжаң аймагын басып алгандан бери Ислам жана мусулмандарга каршы аёсуз күрөшүп келе жаткан мушрик Кытай өкмөтү мубарак Рамазан айында уйгур мусулмандарга дагы бир жаңы талап койду.

            Буга чейин мусулман эркектерге ак топу кийүү, сакал коюу, аялдарга никаб жана хижаб кийүү, өз балдарына исламий тарбия берүү, Куръан, хадис окутууга жана мамлекеттик кызматкерлер менен окуучуларга орозо кармоого тыюу салынган. Бул жылдын башында жаңы туулган бөбөктөргө исламий ысымдарды коюуга тыюу салынды. Эми болсо уйгур мусулмандарына, 16 жашка чейинки перзенттеринин исламий ысымдарын өзгөртүү талабы коюлду.

            “The Guardian” агенттиги, кимдин ысымы исламий болсо аймактык каттоо бөлүмдөрүндө өзгөртүү талабы коюлуп жатканын жана жалпысынан он бештен ашык ысымга тыюу салынганын кабарлады.

Туркистон:

Кытай өкмөтү уйгур мусулмандарын өз этикаттарынан кайтаруу, диний ибадаттардан тосуу максатында күн санап зулумдуктарды күчөтүп барууда. Бул зулумдуктарды дүйнө коомчулугунун көз алдында, өзгөчө исламий коомчулуктун сүкүт сакташынын натыйжасында ишке ашырууда. Мусулман калктар өз мойнундагы важиб милдеттерин унутуп койгондугу үчүн Кытай жана дүйнөдөгү башка көптөгөн мамлекеттер Ислам жана мусулмандарга каршы ыплас кадамдарды таштоого батынууда.

            Ушундай болгон соң мусулмандар, АКШ баштаган дүйнө коомчулугу жана анын көрсөтмөсүнөн кылча да чыга албаган исламий өлкөлөрдүн жетекчилеринен үмүт кылбашы керек. Анын ордуна мусулмандарды эле эмес, бүткүл адамзатты капиталисттик түзүмдүн кордугунан чыныгы тынчтык жана кадыржамдыкка алып чыгуучу исламий Халифалык мамлекетин кайта тикелөө жолунда биригүүсү шарт.

            Бир гана Халифалык мамлекети Чыгыш Түркистандагы эле мусулмандардын эмес, бардык исламий өлкөлөрдөгү мусулмандардын коопсуздугун жана акы-укуктарын толук камсыздайт. Ошондо гана мусулмандар эч кимден айбыкпастан бүткүл дүйнөнүн Жаратуучусу болгон Аллах Тааланын бардык буйрук-кайтарууларын аткарууга мүмкүнчүлүк табат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here