Маттис: АКШ армиясынын согушка даярдыгы мени коркууга салды

308
0

Маттис: АКШ армиясынын согушка даярдыгы мени коркууга салды

АКШ коргоо министри Жеймс Маттис мамлекеттик бюджеттен Пентагонго бөлүнгөн каражаттын кыскарышы АКШ армиясынын согушка даярдыгын алсыратканын жана муну көргөндө жакасын кармоого мажбур болгонун билдирди. Маттис бул тууралуу, АКШ президенти Дональд Трамптын 2018-жылга карата бюджеттик планга сунуш киргизип жаткан өкүлдөр палатасындагы аскерий күчтөр командирлигинин жыйынында айтып өттү.

“Мен бюджетти кыскартуу чечими күчкө киргенден кийин үч ай өтүп эмгек өргүүгө чыккам. Арадан төрт жыл өтүп кайрадан (Пентагонго) кайтып келгенде, армиябыздын согушка болгон даярдыгын көрүп, таң калганымдан жакамды кармадым”,- деди Маттис. Ал, “бюджетти кыскартуунун натыйжасында армиянын согушка даярдыгына жеткен зыянды буга чейин эч бир душман жеткирбегенин”, кошумчалады.

АКШ коргоо министрлиги (Пентагон) мамлекеттик бюджеттен коргонуу үчүн 574 миллиард доллар жана кошумча сарп-каражаттар үчүн 65 миллиард доллар, жалпысынан 639 миллиард доллар талап кылган. Трамптын бюджеттик планы Пентагон бюджетин сезилерлик даражада көтөрсө да, бирок күч иштетүү тарапташы болгон Республикачылар талап кылган бюджет аз көрсөткүчтө сакталып калууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here