АКШ Афганистандагы кошуундарынын санын өзгөртөт

302
0

АКШ Афганистандагы кошуундарынын санын өзгөртөт

         “Reuters” агенттиги кабарлашынча, АКШ президенти Дональд Трамп Пентагон жетекчиси Жеймс Мэттиске АКШ куралдуу күчтөрүнүн Афганистандагы санын өзгөртүү укугун берди. Бирок, кабар агенттигинин тастыкташынча, кошуундун санын өзгөртүү чечими карала элек. Азыр Афганистанда 8 400 америка аскерийлери жайгашкан. Трамп буга окшош чечимди апрель айында Ирак менен Сириядагы кошуундарына карата да кабыл алган.

         Пентагон бул маселеге карата билдирүү бере элек. Май айынын ортолорунда АКШ конгрессинде коргоо министрлигинин разведка башкармасынын директору, генерал-лейтенант Винсент Стюарт АКШ жана НАТО, Афганистандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча стратегиясын өзгөртүүсү зарылдыгын айткан.

“Биз мурункудан айырмаланып башкача жол тутушубуз керек. Эгер, АКШ менен НАТО өз стратегиясын өзгөртпөсө, анда “Талибан” согуш майдандарында сезилерлик ийгиликке жетүүсү мүмкүн”,- деп айткан.

         Буга чейин “The Washington Post” гезити кабыл алына турган варианттардын бири катары, АКШ Афганистанга кеминде 3 миң аскер кызматкерлерин жиберип, НАТОго да ушунча санда кошуун жибериши мүмкүн экенин маалымдаган. Гезит АКШ башкаруу өкүлүнүн кызматкерине таянуу менен Трамп Афганистанда “жеңишке жетүүнү” каалап турганын жана аны башкаруу өкүлчүлүгүндөгү жогорку мансаптагы адамдар колдоп-кубаттап жатканын тастыктап өткөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here