Халифалыкты жактаган мектеп директорун илманий өкмөт кызматтан алды

256
0

Халифалыкты жактаган мектеп директорун илманий өкмөт кызматтан алды

Түркиянын Невшехир провинциясындагы орто мектептин директору Искендер Чинарды Халифалык тарапкери болгону үчүн демократиялык башкарууну дааба кылып жаткан Түркиянын илманий (светтик) өкмөтү жумуштан бошотту. Искендер Чинар социалдык тармак аркылуу Түркиядагы республикалык башкаруунун ордуна Халифалык башкаруусу келишин жактап чыккандыгы себептүү кызматтан алынды.

Кабарларда келишинче, директордун үстүнөн билим берүү министрлигине түшкөн арыздар боюнча тергөө жүрүп, натыйжада Юнус Амри атындагы орто мектептин директору Искендер Чинар кызматынан алынган. Билим берүү бөлүмүнүн мүдүрү Ясин Сезел тергөө жараяны бүтө электигин билдирди.

Республикалык Элдик партиянын провинциядагы бөлүмү да бул тууралуу билдирүү берип, кызматынан бошотулган директор кылмыш кылгандыгын жарыялаган. Невшехир провинциясынын губернаторуна жолугуп, андан тергөө тууралуу маалымат алган Республикалык Элдик партиянын провинциядагы жетекчиси Камил Гүлмаз республиканын, илманийлик жана Ататүрктүн душманы деп сыпаттаган мектеп директору кызматтан алынгандыгын билдирди.

Ататүрктүн издештеринен болгон Республикалык Элдик партиянын Исламий Халифалыкты жактаган директорду кылмышкер деп айыпташы табигый көрүнүш. А бирок таӊ калычтуу жери, бул партия мамлекет террорчу уюмдар деп тааныган Курдистан Жумушчулар партиясын жана ФЕТО (Фетхулла Гүлен жамааты) сыяктуу уюмдарды ар бир платформасында жактап чыгат. Эгерде алардан “эмне үчүн террорчу уюмдарды колдоп жатасыӊар” деп суралса, демократияда сөз эркиндиги бар экендигин шылтоо кылышат. Бирок, бул укук өз акыйдасында бекем турган мусулмандарга келгенде иштебей калат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here