Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен товар алмашуусу кескин төмөндөп кетти

258
0

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен товар алмашуусу кескин төмөндөп кетти

“ТАСС” агенттигинин улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып кабар беришинче, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен товар алмашуусунун көлөмү 18,6 пайызга төмөндөп кеткен.

Статистикалык комитеттин отчётунда: “Өткөн жылдын 10 айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен товар алмашуунун баасы 1,575 миллиард АКШ долларын түздү. Бул болсо, 2015-жылдагы 10 айлык көрсөткүчтүн 81,4 пайызына барабар болот”, – деп айтылган.

О.э. Кыргызстан аталган убакта ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жалпы баасы 284 миллион доллардык продукцияларды экспорт кылып, 1,291 миллиард доллардык товар импорт кылганы айтылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here