Абактагы зулумдар күчөп барууда

286
0

Абактагы зулумдар күчөп барууда

  Көптөгөн жылдардан бери Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүп келе жаткан Кыргызстан бийлиги даъват жүгүн көтөрүп чыккан мусулмандарды  ар түрдүү жаслама айып жана жалган жалаалар менен камакка алып, аларды даъваттан баш тарттыруу үчүн түрдүү кыйноолорду колдонуп келе жаткан эле. Ал тургай, бир нече боордошубуз бул зулумдар астында шейиттик даражасына жетишишти, инша Аллах.

А бирок залим өкмөт колдонуп жаткан зулум жана кысымдарга карабастан, даъватчы боордошторубуз абактарда да өз мойнундагы аманат – Ислам даъватын жеткирип жатканы расмий бийликтин тынчын алды. Себеби, уурулук, каракчылык жана башка кылмыштар менен камалган адамдар абактан Ислам даъватчысы болуп чыгып жатканы себептүү, бийлик мусулман туткундарды башка туткундардан бөлүү шылтоосу менен жабык түрдөгү абак курууга киришти. Иштеп турган абактарда болсо мусулмандар үчүн өзүнчө жабык түрдөгү бөлүм түзүп, өткөн жылдын күз айынан баштап аларды мыйзамга тескери көрүнүштө жабык түрдөгү абактарга өткөрүү ишин баштады.

Бирок, бул жабык түрдөгү абактарда да мусулман туткундардын акы-укуктары тебеленип, абак жетекчилиги тарабынан адамгерчиликсиз мамиле колдонулушу, боордошторубузду катардагы адамдык укуктардан ажыратып, жолугушуу убактысы кыскартылышы жана жакындары алып келген тамак-аштардан алып калынышы мазлум боордошторубуздун бул зулумдарга карата нааразылык билдиришине себеп болду.

1-январдан баштап, Чүй облусунда жайгашкан №3, №27, №47- абактардагы мазлум мусулман боордоштор ачкачылык жарыя кылышты. №3-зонадан 3 туткун, №27-абактагы 44 туткундун 41и, №47-абактан болсо 5 мазлум мусулман боордоштор ачкачылык жарыя кылышты.

Алар төмөнкү талаптарды коюшкан:

  1. Жаза өтөөнүн түрү мыйзамсыз түрдө жабык тартипке өткөрүлүшү;
  2. Сакалды мажбурлап алып таштоону токтотуу;
  3. Маалымат каражаттары (телевизор, радио) менен камсыздоо;
  4. Өздүк гигиенага тиешелүү каражаттар менен камсыздоо;
  5. Дене кыймыл аракети үчүн сейилдөө убактысын узартуу (учурда суткасына бир жолу бир гана саатка сейилге алып чыгылат);
  6. Тамак-аш жана кийим-кече нормативдерин толугу менен сактоо жана тамак бышырууга уруксат берүү (себеби, учурда берилип жаткан тамак өлбөстүн күнүн көрүүгө гана жетет);
  7. Абак кызматкерлеринин туткундарга адамгерчиликтүү мамиледе болушу.

Мазлум боордоштор жогорудагы талаптар менен алгач абактын жетекчилигине кайрылышкан. Абак жетекчилиги туткундардын мыйзамдуу талаптарына көӊүл бурбай койгондон кийин, тийиштүү жерлерге кат аркылуу кайрылышкан. Бирок, абак жетекчилиги алар жазган арыз жана каттарды кармап калышып, тийиштүү органдарга жөнөтүшпөгөн соӊ, мазлум боордоштор нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялашты.

Мазлум боордошторубуз койгон жогорудагы талаптардын бардыгы мыйзамдуу болуп, алар акы-укуктары корголушун талап кылышууда. Негизи, туткундар жаза мөөнөтүн өтөй турган тартип (режим) соттун өкүмү аркылуу гана өзгөртүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, алар курулай доомат жана жасалма айыптар менен эркинен ажыратылышкан. Жашоо, адамдык укук жана адамгерчиликтүү мамиле кылуу укугунан ажыратылышкан эмес. Алар жакындары менен жолугушуу, адамдай кийинип, адамдай жашоо укугуна ээ.

Мазлум мусулман боордоштор ачкачылык жарыя кылышканына он күндөн көбүрөөк убакыт өткөндүгүнө карабастан, абак жетекчилиги жана ЖАМКнын жооптуу кызматкерлери бул талаптарды карап чыгууга кирише элек. Жергиликтүү жана дүйнөлүк маалымат каражаттары, омбудсмен жана мамлекеттик эмес укук коргоочу уюмдар бул нааразылык акциясына эч кандай мамиле билдире элек.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here