Эрдоган Кытайда Обама менен жолугушту

303
0

Эрдоган Кытайда Обама менен жолугушту

G20нын саммитине катышуу үчүн Кытайга барган Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушту. Эрдоган менен Обаманын ортосундагы бул жолугушуу Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин уюштурулган биринчи жолугушуу болду.

Болжол менен 45 мүнөткө созулган жолугушуудан кийин билдирүү берген Обама АКШ Түркияны ар дайым колдой тургандыгын билдирди.

“Качкындар маселесинде баарыбыз Түркияны колдоп-кубатташыбыз керек. Президенттигим учурунда бекемделген кызматташтыктын уланышын каалаймын. Түркияда төнкөрүшкө аракет кылгандар адилеттүүлүк алдында жооп бериши үчүн жардам беребиз”, — деди Обама.

Эки мамлекет ортосундагы кызматташтык уланышын баса белгилеген Эрдоган болсо төмөнкүдөй билдирүү берди:

“15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийинки телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдөн бери биринчи жолу бетме-бет жолугуштук. Колдоо үчүн ыраазылык билдиремин. Айрыкча, төңкөрүшкө аракет кылуу менен региондогу террордук окуялардын удаама-удаа жүз бериши өзгөчө маанилүү. НАТОго мүчө мамлекеттер катары дүйнөдөгү бардык террордук аракеттерге каршы кызматташтыкта аракет кылышыбыз керек. Аларга карата сүкүт сакташыбыз мүмкүн эмес. Бардык террордук уюмдарга каршы бирдей мамиледе болушубуз керек. Себеби, терроризмдин бардык түрү жаман. Жакшы террорчулар жана жаман террорчулар болушу мүмкүн эмес. Алардын бардыгы жаман. Аларга каршы ээлей турган позициябыз да анык. Түштүк жагыбызда террордук коридор пайда болбойт деген үмүттөбүз. Түркия мындай террордук коридордун алдын алуу үчүн коалициялык күчтөр менен биргеликте аракет кылууда. Бул күрөштө ийгиликке жетишибизге ишенемин”.

Эрдоган “Жакшы террорчулар жана жаман террорчулар болушу мүмкүн эмес” дегенде PYDди (Сирияда күрттөрдөн түзүлгөн демократиялык союз партиясын) назарда тутту. Себеби, Түркия PYDди террорчу уюм деп билсе да, АКШ анын ИШИМге каршы согушуп жатканын шылтоолоп, террорчу уюм катары тааныбайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here