Кытайда G20 саммити ишин баштады

251
0

Кытайда G20 саммити ишин баштады

 Кытайда  4-сентябрда G20нын саммити башталды.

 Кытай өкмөтүнүн билдиришинче, Бул саммиттин негизги милдеттери – дүйнөдө экономикалык өнүгүүгө жетишүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө, дүйнөлүк экономика жана финансылык каражаттарды дагы да натыйжалуу башкаруу, мамлекеттер аралык соода жана инвестиция майдандарын шыктандыруу, инклюзивдик жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо.

 G20 – бул  мамлекеттер аралык экономикалык жана финансылык кызматташтык маселелерди талкуулоочу конференция. Анын курамына Австралия, Аргентина, Бразилия, Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Россия, Саудия, АКШ, Түркия, Франция, Түштүк Корея, ЮАР, Япония жана Европа Союзу кирет. Мындан тышкары G20 жолугушууларына түрдүү эл аралык уюмдар катышат. Башкача айтканда, Финансылык туруктуулук кеңеши, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк соода уюму, БУУ жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да катышат.

 G20 мамлекеттеринин ИДПсы дүйнөлүк ИДПнын 85 пайызын түзөт.

 2013-жылы “G20”га Россия төрагалык кылган болсо, андан кийинки жылы Австралия, ал эми 2015-жылы Түркия төрагалык кылган.

 Саммит 5-сентябрь күнү аяктайт.

Туркистон: 

Жогорудагы “Чоң жыйырмалык” жана “Чоң жетилик” уюмдары кандай максатта түзүлгөн?

“Чоң жыйырмалык” – бул уюм 1999-жылы ишмердүүлүгүн баштады. Максаты, дүйнөдөгү өнүккөн жана өнүгүп бара жаткан  мамлекеттерди о.э. эл аралык банк жана башка ири финансылык ишканаларды бириктирип, алардын финансылык алакаларын тартипке салып туруу менен дүйнөлүк экономикалык системаны глобалдашкан абалда кармап туруу. Бул уюм, дүйнөнүн 85% каржысын башкарат жана аны көзөмөлдөп, тартиптештирип турат.

“Чоң жетилик” — бул расмий эмес уюм да, дүйнөлүк экономикалык балансты көзөмөл кылуучу уюм болуп, негизинен жетекчи мамлекеттерден, же алардын кол астындагы өнүккөн мамлекеттерден турат. Бул уюмдун уставы жана башкы штабы болбогондой эле, расмий дүйнөлүк уюм деп тан алынбайт. Бул уюмдун кеңеш берүү укугу гана бар деп айтылышына карабастан, ал дүйнөлүк башкаруу системасынын негизи болуп эсептелет.

Бул уюмдардын максаты эмне? Буларды капиталисттик дүйнөлүк системанын негизги багыттоочулары жана жараксыз экономикалык системанын жамакчылары деп атасак туура болот. Себеби, капиталисттик системанын саясий жана экономикалык системасы дүйнөлүк капитал бир жерге топтолуп калышына о.э. финансылык системанын бузулушуна алып барышы анык. Муну биз турмушта көрүп жатабыз.

Т.а. бул системаны албетте капиталисттер башкарышат. Алар болсо, экономикалык өнүгүүнүн кепилдиги болгон оор жана жеңил өнөр жайларды колго алышат. Андан соң бул тармактарды монополия кылып алуу үчүн мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга басым өткөрүшөт. Жетекчи мамлекеттердин башчылары ушул капиталисттердин кызыкчылыгы үчүн эл аралык уюмдарды түзүшөт жана алар аркылуу глобалдык системаларды түзүшөт. Мисалы, патент системасы БУУда эл аралык мыйзам катары кабыл алынып, анын катуу корголушу. Бир катар дүйнөлүк стандарттарды шылтооолоп, алардын чектөө катары мыйзамдаштырылышы. Алсыз мамлекеттердин бийликтерине ар түрдүү басымдарды өткөрүү менен мамлекетте өнөржайды өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучу мыйзамдарды кабыл алдырууга мажбурлоо…….

Ушундай болгон соң, бул система тез арада кризиске учурашы анык болчу. Бирок, бул мамлекеттер капиталисттик системаны сактап калуу үчүн жогорудагы сыяктуу бир катар уюмдарды түзүштү. “Чоң жыйырмалык” жана “Чоң жетилик” сыяктуу уюмдардын милдети – финансылык түзүмдү көзөмөл кылуу менен бирге, капитал бир мекенде же белгилүү бир адамдарда топтолуп калышынын натыйжасында экономикалык баланс бузулушунун алдын алып туруу. Т.а. бул уюмдар ири мамлекеттердин кичинекей жана алсыз мамлекеттерге финансылык жардам көрсөтүп турушун тартиптештирүү менен алектенишет. Жөнөкөй кылып айтканда, бүт инвестиция тармагы, мамлекеттик эмес фонддор, мамлекеттик эмес уюмдар жана башка каржылоонун бардык тармагы ушул уюмдардын көзөмөлү жана таасири астында. Бул уюмдар үчүнчү дүйнө мамлекеттерин сырьё базасы катары кармап турууга аракет кылышат. Бирок, ушул жараянда бул мамлекеттердин экономикасы өтө начарлап, натыйжада саясий нааразылыктар келип чыгышы мүмкүн. Бул уюмдун милдети ушул нааразылык пайда кылышы мүмкүн болгон чегараны аныктап, ошол мамлекет үчүн бир аз көмөк көрсөтүүгө аракет кылуудан турат.

Бу сыяктуу уюмдар дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттин кол астында болот. Бул глобалдык системанын башкаруу тизгини кимдин колунда болсо, ал каалаган мамлекетти экономикалык санкциялар менен кордой алат. Же тескерисинче, каалаган мамлекетти экономикалык жактан өнүктүрө алышы мүмкүн. Т.а. бул уюмдар капиталисттер үчүн дүйнөлүк экономикалык глобалдык система жаратып берет. Капиталисттердин дүйнөлүк зулумдарынын саясий жарылуу чегарасын белгилеп берет. Дүйнөлүк системанын кесепетинен улам жардамга өтө муктаж болгон мамлекеттерди аныктап, аларга жардам берүүнүн чегараларын аныктап берет. Жетекчи жана өнүккөн мамлекеттер арасындагы экономикалык жана финансылык проблемаларды да кандайдыр өлчөмдө тартиптештире алат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here