Путин: Өзбекстан бардык тармактарда Россияга таянышы мүмкүн

259
0

Путин: Өзбекстан бардык тармактарда Россияга таянышы мүмкүн

Россия президенти Владимир Путин Өзбекстан калкы жана жетекчилери дос катары бардык иштеринде Россияга таянышы мүмкүн экендигин билдирди.

Президент Путин 6-сентябрда Кытайдан Өзбекстанга келди. Самаркандга барып, Каримовдун күмбөзүнө барган Путин Ислам Каримовдун Россияга болгон мамилелери тууралуу айтып өттү.

Путин: “Ислам Каримов мамлекеттерибиз ортосундагы алакаларда бекем негиз орноткон жана айрыкча алакаларыбызды стратегиялык өнөктөштүк катары курган эле”, «Москва мындан кийин да Өзбекстанды колдоп-кубаттайт. Россия өзбек калкы жана жетекчилиги менен достук мамилелерди улантат”, — деди.

Ал кошумчалап: “Албетте, биз президент Ислам Каримов баштап берген бардык алкалар уланат деген үмүттөбүз. Өзбекстан калкын жана жетекчилигин колдоп-кубаттоо үчүн колубуздан келген бардык ишти кылабыз”, — деди.

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёев да Путинге сапары үчүн ыраазылык билдирип, Россия менен Өзбекстандын ортосунда Каримов пайда кылган алакаларды бекемдөөгө убада берди.

Путин Каримовдун күмбөзүнө гүл коюп кайткандан кийин Каримовдун жесири Татяна Каримовага жана кызы Лола Тиллаевага жолугуп, аларга көңүл айтты. Ошондон кийин, Каримовдун кызы жана жесири менен жабык эшиктер артында сүйлөштү.

Саясий эксперттердин билдиришинче, Путин Өзбекстанга күмбөзгө гүл коюу үчүн эле келген эмес. Себеби, Өзбекстандын Каримовдон кийинки келечеги Россия үчүн өтө маанилүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here