Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 6-июнда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Медведев президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Сооронбай Жээнбековдор менен жолугушат.
О.э. 7-июнда Бишкекте өткөрүлө турган КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат.