Мубарак Рамазан куттуктоосу

271
0

Мубарак Рамазан куттуктоосу

 Аллах Таала айтат:

شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِيَ أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِّنَ الْهُدَى وَالْفُرْقَانِ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ وَمَن كَانَ مَرِيضاً أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ يُرِيدُ اللّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلاَ يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُواْ الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُواْ اللّهَ عَلَى مَا هَدَاكُمْوَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

 Рамазан айы, бул айда адамдар үчүн хидаят болуп жана хидаят менен фуркандын (акыйкат менен батылды айырмалоочунун) ачык-айкын аяттары болуп Куръан түшүрүлгөн. Демек, силерден ким бул айга күбө болсо, орозо кармасын. Ал эми, кимдир бирөө ооруп калса же сапарда болсо, анда (орозо кармай албаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө (сакайгандан соң же сапардан кайтканда) кармайт. Аллах силерге жеңилдикти каалайт, силерге оор болушун каалабайт. Бул санакты толтурушуңар жана хидаят кылганы себептүү Аллахты улуулашыңар үчүн. Мүмкүн, силер шүгүр кыларсыңар”.    [2:185] 

 Аллахка алкыш-мактоолор болсун. Аллахтын Расулуна, ал заттын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал зат менен дос болгондорго о.э. ал затты ээрчип, жолунан жүргөн, Ислам акыйдасын өзүнүн фикратына негиз кылып алган, шаръий өкүмдөрдү болсо иштерине өлчөө жана өкүмдөрүнө булак кылган заттарга салату саламдар болсун.

 Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу төмөнкү хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат, мен Абу Хурайра р.а. нун мындай дегенин укканмын: Набий с.а.в. айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةََ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп ророзо туткула (орозону баштагыла), айды көрүп ооз ачкыла (орозону токтоткула), эгерде асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла»

 Мына, арадан бир жыл өтүп айлардын саййиди жана эӊ фазилаттуусу болгон Рамазан айы дагы кайрадан мейман болуп келди. Бул мубарак ай бардыгыбыз үчүн мубарак болсун.

 Бул ай – башы рахмат, ортосу магфират жана акыры тозоктон кутулуу айы. Биз Мээримдүү жана ырайымдуу Аллахтан мусулмандардын кармаган орозосун жана кылган ибадаттарын кабыл алышын сурап калабыз. Аллах Таала баарыбыздын кетирген күнөөлөрүбүздү магфират кылып, бизди Өзүнө жакын пендерлерден кылышын сурайбыз. О.э. келе жаткан Орозо айт намазын рошид Халифа имамдыгында окууну баарыбызга насип кылсын.

 Келе жаткан Рамазан айы менен бардык мусулмандарды дагы бир жолу куттуктайбыз.

 Хизб ут-Тахрир Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here