Россиянын борбору Москвада “Россия менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу алакалардын жаңы түрлөрү” деген аталышта конференция уюштурулду. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Россия-Кытай” эл аралык конференциясынын алдында Москва менен Пекин ортосундагы мамилелердин бекемдигине, тереӊдигине жана стратегиялык тарабына токтолду.
Лавровдун айтымында, 2020-жылга барып эки мамлекет ортосундагы соода алакалар көлөмү жылдык эсеп боюнча 200 миллиардга жетиши үчүн өз ара товар алмашуу көлөмүн көбөйтүү пландаштырылууда.
“Кытай Россиянын маанилүү экономикалык өнөктөшү. Конференциянын күн тартибине коюлган маселе, өзүӊөр билгендей, ортобуздагы товар алмашууну 2020-жылга чейин жыл сайын 200 миллиард долларга жеткирүү”, – деди Россиянын тышкы иштер министри.
Лавров Россия менен Кытайдын ортосундагы соода алакалары өткөн жылы 68 миллиард долларга жеткендигине ишара кылды. Анын баса белгилешинче, ушундан келип чыгуу айтуу мүмкүн болгондой, өз ара соода алакалар көлөмүн 200 миллиард долларга жеткирүүгө болот.
“Бул максат аша чапкандай болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок мен ишеним менен айтамын, бардык проблемаларга карабастан, бул максат күн тартибиндеги негизги маселе болуп калат жана бул ишке аша турган нерсе”, – деди Лавров.
Россия президенти Владимир Путиндин ушул айда Кытайга болуучу сапары тууралуу сөз кылган тышкы иштер министри: “Президенттин Кытайга сапары Россия менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө түрткү беришине ишенебиз”, – деп баса белгиледи.
Сергей Лавров Россия менен Кытай ортосундагы мамиле 21-кылымдагы кызматташтыктар үчүн үлгү болушун айтты. Анын баса белгилешинче, Москва менен Пекин диктатурага жана эл аралык иштерде санкциялардан пайдаланууга каршы.
“Кызматташтыктын эң маанилүү элементи тышкы саясатты жакындан ылайыкташтыруу жана бул кызматташтык ар кандай үчүнчү мамлекетке каршы каратылбастыгы”, – деди Лавров.
О.э. Россиянын тышкы иштер министри Евразия (Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Белорусия) менен Кытай ортосундагы алакаларга да токтолду. Лавровдун айтымында, Москва менен Пекин учурда Евразия менен Кытай ортосундагы бир катар соода-экономикалык келишимдер үстүндө иштеп жатат.
Туркистон:
Кытайдын экономикалык абалы да жакшы эмес. Коммунисттик идеология Кытайды дүйнөлүк экономикалык сахнада жетекчи орунга алып чыга албады. Кытай экономикасы ушул кезге чейин жумушчу күчүнүн арзандыгы жана тышкы сырьёлорго болгон муктаждык үстүнө курулган. Кытайда бүгүнкү күндө таптык айырма күчөп, төмөнкү катмардагылардын нааразылыгы күчөп барууда. Өкмөт алардын нааразылыктарынын алдын алуу үчүн жумушчулардын айлыгын көтөрүүгө жана шарттарын жакшыртууга мажбур болуп жатат. Бул болсо, өз кезегинде өндүрүлгөн таварлардын баасы көтөрүлүшүнө алып барат.
Кытай өзүнүн арзан жана сапатсыз продукциялары менен дүйнөнүн үчүнчү мамлекеттерин ээлеп алды. Бул болсо, өтө алсыз жана ишенимсиз экономикалык система болуп, Кытайды экономикалык кыйроого көздөй жетелеп бара жатат. Бүгүнкү күндө Кытай товарларынын өздүк баасы көтөрүлүп барууда. Продукцияларынын сапаты болсо дүйнөдө атаандаша турган абалда эмес. Кытай жарандарынын улуттук менталитет жана идеологиялык жетекчиликтен келип чыккан пикирий абалы тизгинделүү болгондуктан, ал жакынкы келечекте эл аралык базарларды ээлей албайт.
Кытай Россиянын учурдагы абалынан пайдаланып калууну көздөп жатат. Ал Россияны өзү үчүн сырьё базасы о.э. сапатсыз продукцияларын айырбаштоо базары кылып алууну көздөп жатат. Себеби, Россия бүгүнкү абалында өнөр жайын өнүктүрүп жибере албайт. Ал нефть жана башка продукцияларын сырьё катары сатуу менен өз экономикасын кармап калууга аракет кылат. Батыш дүйнөсүнүн андан жүз үйрүп, ар түрдүү санкциялар менен алакаларын үзүп турушу да Кытайга пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок, бул иш албетте АКШнын позициясына байланыштуу. Россиянын Кытай менен экономикалык алакалары күчөшү, аны бийиктикке алып чыкпайт. Тескерисинче, анын төмөндүккө ыраазы болушуна себеп болот. Россиянын Кытай үчүн сырьё булагына айланып, ага көз каранды болушу күтүлүп жатат.