Сирия оппозициясы Обама админстрациясын кыянат кылгандыкта айыптады

223
0

Сирия оппозициясынын башкы штаб башчысы Ахмад Берри Раккада жана  Халабдын түндүгүндө жүз берген окуялар туурасында Түркиянын “Yeni Şafak” гезитине интервью берип, АКШ президенти Барак Обаманын админстрациясын Сирия оппозициясына кыянат кылгандыкта айыптады. Берри миллиондогон адамдар башынан өткөргөн кырсыкка кайдыгер болгон АКШ админстрациясы коммунист, сепаратист 15 миӊ адамы бар PYD (Сирия элдик демократиялык партиясы) үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жаткандыгына көӊүлдү бурду. Анын баса белгилешинче, Сирияда жүз миңдеген адамдардын кыргын кылынышына көрөрман болуп турган Обама админстрациясы 15 миң кудайсыз PYDчилер үчүн кайгырып жатат.

“6 жылдык согуштун учурунда канкор Асад режими, Иран жана  Россия күчтөрү тарабынан 500 миңден ашуун адам өлтүрүлдү. 20 миллион cириялык үчүн кайгырбаган Обама админстрациясы акыркы күндөрдөгү иш-аракеттери менен бизге кыянат кылды”, – деди Ахмад Берри.

Оппозиция командачысы Сирия калкынын келечеги тууралуу сөз кылып, «тынчтык тарапкери экендигин» дааба кылган АКШ президенти Барак Обама PYDге мамлекет тикелеп берүү үчүн аракет кылып жаткандыгын да айтып өттү.

 “АКШ болсо социалисттик көз караштагы, Исламдын душманы болгон PYD үчүн согушка кирди. Майданда бардык тараптар сунний мусулмандарга каршы биригүүдө. Миллиондогон суннийлердин абалы күндөн-күнгө оорлошуп бара жатат. Кыргын кылынгандар, мамлекеттен чыгып кетип жаткандар, майып-мунжу болуп жаткандар, өкүнүчтүүсү, Сириянын сунний калкы. Абал ушундай улана берсе, Сирияда сунний мусулмандарга карата дагы да чоӊ кыргындар жана  сүргүндөр болушу мүмкүн”, – деди Берри.

Оппозиция командачысы Ахмад Берринин айтымында, ИШИМ уюму менен PYDдин артында бир күч турат. PYD Ракка шаарына чабуул баштаганда ИШИМ ага каршылык көрсөтүүнүн ордуна Азез жана  Марага чабуул баштады. Бул болсо, ушул эки террорчу уюмду бир акыл башкарып жаткандыгын көрсөтүп турат.

“Баарыбызга белгилүү болгондой, ИШИМдин региондогу бирден-бир кайгысы PYD күрт мамлекетине жол ачуу. Ал тургай, кармап калуу мүмкүн эместигин билип турса да, кээ бир аймактарга чабуул кылууда”, – деп кошумчалады Берри.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here