Европа Союзу Россияны “стратегиялык проблема” деп эсептейт

255
0

Европа Союзунун тышкы саясат боюнча комиссиясынын жетекчиси Федерико Могерининин админстрациясы даярдаган, Европа Союзунун тышкы саясатынын орто мөөнөттүү келечеги боюнча стратегиясында, Европа Союзунун Россия менен мамилесине “стратегиялык проблема” деген баа берилген.

 “Өнөктөш да, душман да эмес, тескерисинче стратегиялык проблема, менин оюмча, бул эң жакшы дипломатиялык атама”, – деди Федерико Могерини.

 Мындан тышкары, документ долбоорунда, Европа Союзунун Россия менен эл аралык майдандагы алакасына “чектелген кызматташтык” деген аныктама берилген.

 Могерининин айтымында, Европа Союзунун айрым мамлекеттери мындай атама өтө курч маанайды билдирет деп эсептешет жана аларды жумшартууну каалашат. Ал эми, Европа Союзунун башка мүчөлөрү Россияны “Украинадагы агрессор мамлекет” катары баалашат.

 Европа Союзуна мүчө 28 мамлекеттин башчылары ушул жылдын 28-29-июнунда аталган долбоорду талкуулап, аны кабыл алышы күтүлүүдө.

Туркистон:

Россия эл аралык саясий майдандан чыгарылып бара жатат. Ал оболу “Чоң сегиздик” мамлекеттердин катарынан чыгарылды. Эми, БУУнун коопсуздук Кеӊешинен чыгарганы жатышат.

Батыш мамлекеттери Россиядан кутулуу учурунда дүйнөлүк системада кескин өзгөрүштөр болуп кетишинин алдын алганы жатышат. Себеби, эл аралык саясаттагы өзгөрүштөр ар дайым дүйнөлүк силкинүүлөр менен коштолгон. 1-дүйнөлүк согуш жана 2 – дүйнөлүк согуш учурунда дүйнөлүк жетекчи мамлекеттер ортосунда өзгөрүштөр жүз берген.

Бул ирет да дүйнөлүк системада реформалар күтүлүүдө. Дүйнөлүк система изден чыгып бара жатат. Муну, алардагы идеологиялык чегинүүлөрдөн аӊдоого болот. Ар кандай (мабдаъ) система, өзүнүн негиздеринен (акыйда жана идеологиядан) четтеп, аларды дүйнөнү башкаруудагы негиз кылуудан баш тартып  жатканда кулай баштаган болот. Демократия системасы капитализм системасынын негизи болууга ыраазы болду. Бирок, адамдардын эркиндиктерин ыйык деп билген демократия идеологиясы, материалдык кызыкчылыкты бардык нерседен бийик коё турган капиталисттик система менен аралашып кетти. Натыйжада, адам укуктарын коргоо материалдык кызыкчылыктарга ээ болуу үчүн кызмат кылуучу бир куралга айланып калды.

Саддам Хусейнди, Муаммар Каззофийди, Милошевичти, дагы башка ондогон мамлекет башчыларын өлтүрүштү. Дагы ушунчасы өлтүрүлө элек, бирок алар да адамдар үстүндө зулум кылып жатышат. Асад сыяктуу жүз миңдеген адамдарды өлтүрүп жаткандары да бар. Адам укуктары болсо, АКШнын кызыкчылыктарынан келип чыгып иштеп жатат. Сириядагы жаш балдардын өлтүрүлүшү дүйнөлүк коомчулуктун назарынан четте калып жатат. Алар Кыргызстанда Лут коомунун ишин кылып жаткан ыпылас катмардын (гейлердин) адамдык эркиндиктерин коргоп жатышат.

Исламий система мусулмандардын жүрөгүн ээлей баштады. Дүйнөлүк куфр системасы мусулмандарга каршы бир фронтко биригип, биргеликте иш алып барышат. Бирок, экинчи фронтто бири-бирине каршы материалдык кызыкчылыктарды талашуу негизинде иш алып барышат. Ошондуктан, алар Сириядагы зулумдарга көз жумуп, болгон күч-кубатын Россия режимин кулатуу үчүн ишке салат. Бул эки фронттогу иш болуп, биринчи фронтто куфр дүйнөсү мусулмандарга каршы биргеликте иш жүргүзүп жатышат. Бул зулумдарда алардан жардам күтүү акмактык болот. Себеби, зулум кылып жаткандар мына ошолор.

Экинчи фронтто болсо, Россия эл аралык саясаттан четтетилип жатат. Жакынкы келечекте анын вето укугу тартып алынат. Куфр дүйнөсү бул ишти акырындык менен ишке ашырганы жатат. Т.а. Россияны жетекчи мамлекеттер катарынан сүрүп чыгарып, анын ордуна бир нече АКШчыл мамлекеттерди алып киргени жатат. Бул нерсе өтө кооптуу абалдарга себеп болушу мүмкүн. Адатта бул сыяктуу система өзгөрүшү башка бир система кирип келиши жана эскисин майдандан сүрүп чыгарышы менен аяктайт эле. Ошонун алдын алуу максатында Россия ондогон жылдардан бери алдан тайдырылды. Эми ага саясий басымдар өткөрүлүп жатат. Алар Россияны акырындык менен өлтүрүшмөкчү. Себеби, ал өлүп бара жатканда бардык дүйнөлүк мыйзам-эрежелерди бузуп жибериши мүмкүн. Ошондо башка мамлекеттер да андан өрнөк алып, бардыгы өз кызыкчылыктары үчүн башаламан аракеттерди баштап жиберишет. Ошол аракеттер дүйнөлүк куфр системасынын талкаланышы болот. Инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here