Кытай өкмөтү уйгур мусулмандарды мажбурлап көчүрүүдө

310
0

 Кытай өкмөтү 1949-жылы Чыгыш Түркстанды басып алгандан кийин уйгур улутундагы мусулмандарды улут катары жок кылуу жана Ислам акыйдасынан кайтаруу үчүн колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү ишке салып келет.

 Кудайсыз коммунист бийлик тарабынан сунушталган “бир үй-бүлөгө – бир бала” саясаты негизинен уйгурларга карата ырайымсыздык менен колдонулушу натыйжасында Кытай баскынына чейин 25 миллиондон ашуун болгон уйгур мусулмандары бүгүнкү күнгө келип 15 миллион болуп калды. А бирок, ушуну менен да чектелбеген өкмөт 2014-жылга келип хань улутундагы адам менен турмуш курган уйгурларга 1,6 миӊ доллар берилиши тууралуу мыйзам иштеп чыкты. Мында уйгурларды улут катары жок кылуу максаты көздөлгөн болчу.

Мындан тышкары, Ислам динин бекем кармаган уйгурларды ыйманынан кайтаруу үчүн мусулмандарга каршы аёосуз күрөшүн улантып келет. Рамазан айында жумушчу-кызматкерлердин, каникулдагы мугалим  жана окуучулардын орозо кармашына тыюу салды. Мечит имамдарын болсо шаардын башкы аянтында бийлөөгө мажбур кылып, аларды Исламды жайбастык тууралуу ант ичүүгө мажбур кылды. Эркектерге сакал коюуга, аялдардын хижаб кийишине жана жаш балдарга Ислам негиздерин үйрөтүүгө тыюу салынды.

 Ошону менен эле чектелбеген расмий өкмөт өлкөнүн мусулман калкын башка жерлерге көчүрүү жана кытайлык ханьдарды бул өлкөгө көчүрүп келүү саясатын жүргүзүүдө. Муну “жакырчылыкты жоюу” шылтоосу менен актамакчы болуп жатат.

 “Синьхуа” агенттигинин кабар беришинче, 2016-жылы 26 миӊ адам облустун жакыр райондорунан башка аймактарга көчүрүлөт. Ал үчүн болсо 1,5 миллиард юань ($230 млн.) бөлүнөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here