Мухасаба кылуунун важибдиги

318
0

 Мусулмандардын халифа үстүндө шуро укугу болгону сыяктуу, акимдердин иштери менен тасарруфтарын мухасаба кылуулары важиб. Алла Субханаху ва Таала акимдерди мухасаба кылып турууну фарз кылды. Эгер алар жарандар укуктарын тебелешсе, же өз милдеттерине кош көңүлдүк кылышса, же болбосо бирер иштерге кайдыгер карашса, же Ислам өкүмдөрүнө тескери иш кылышса, же Алла түшүрбөгөн нерсе менен өкүм жүргүзүшсө, Алла мусулмандарга аларды мухасаба кылууну жана өзгөртүүнү катъий буюрду. Муслим Умму Салама yдан риваят кылышынча, Пайгамбар r мындай деген:

«سَتَكُونُ أُمَرَاءُ، فَتَعْرِفُونَ وَتُنْكِرُونَ، فَمَنْ عَرَفَ بَرِئَ، وَمَنْ أَنْكَرَ سَلِمَ، وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ» قَالُوا: أَفَلاَ نُقَاتِلُهُمْ؟ قَالَ: «لاَ، مَا صَلُّوا»

«Жакында ушундай бир амирлер болот, силер аларга амри маъруф жана нахий мункар кыласыңар. Кимде-ким амри маъруф кылса, таза болот. Кимде-ким нахий мункар кылса, саламат калат. Бирок, ким ыраазы болуп ээрчип кете берсе… (аларга кыйроо болсун)», – деди. «Аларга каршы согушабызбы», – деп сурашты. Расулулла r: «Жок, эгер араңарда намаз окуп жатышса», – деп жооп берди. «Намаз» бул жерде Ислам менен башкарууга киная.

Мусулмандар, эң оболу Умар, алгач Абу Бакрдын муртаддарга каршы согушуу туурасындагы максатын инкар кылган.

Бухaрий жана Муслим Абу Xурайра tдан риваят кылышат: «Расулулла r дүйнөдөн кайтып, Абу Бакр t халифа болгондон кийин жана арабдардын кафир боло турганы кафир болгондон кийин, Умар t: Адамдар менен кантип согушасыз, Пайгамбар r:

«أُمِرْتُ أَنْ أُقَاتِلَ النَّاسَ حَتَّى يَشْهَدُوا أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللَّهُ، وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّهِ، وَيُقِيمُوا الصَّلاَةَ، وَيُؤْتُوا الزَّكَاةَ، فَإِذَا فَعَلُوا ذَلِكَ عَصَمُوا مِنِّي دِمَاءَهُمْ وَأَمْوَالَهُمْ إِلاَّ بِحَقِّهَا وَحِسَابُهُمْ عَلَى اللَّهِ»

«Адамдар Алладан башка илах жок, Мухаммад Алланын элчиси деп күбөлүк беришмейинче алар менен согушууга буюрулдум. Эгер ошондой кылышса, менден жандары менен малдарын сактап калышат. Алына турган акысы мындан тышкары. Алардын эсеп-китеби Аллага (калат)» деген го», – деди. Ошондо ал: «Аллага ант болсун, намаз менен зекеттин арасын ажыраткандар менен албетте согушамын. Себеби, зекет малдын акысы. Аллага ант болсун, эгер Расулулла rга берип жүргөн улакты мага бербей турган болушса, бербегендиктери үчүн согушкан болор элем», – деди. Умар t: «Аллага ант болсун, бул Алла анын жүрөгүн ачып койгонунан. Эми, анын хак экенин (туура кылганын) билдим», – деди».

О.э. Билал ибн Рабах, Зубайр жана башкалар Умардын Ирак жерин жоокерлерге бөлүштүрүп бербегенин инкар кылышкан. О.э. бир аъробий Умардын айрым жерлерди корукка айландырганын инкар кылган. Абу Убайда «Амвал»да Амир ибн Абдулла ибн Зубайрдан, ойлошумча, ал атасынан риваят кылат: «Бир аъробий Умардын алдына келип: Эй амирул муъминин, биз жахилият мезгилинде өлкөбүз үчүн согушканбыз. Ислам доорунда болсо ал жерде мусулман болгонбуз. Эмнеге аны корукка айлантып жатасыз? – деди. Ошондо Умар узакка ойлонуп калды. Терең дем тартып, мурутун бурай баштады. Ал бирер ишти ойлонуп калганда мурутун бурап, күрсүнө баштачу. Аъробий анын абалын көрүп, алиги сөзүн кайталай баштады. Ошондо Умар: Мал – Алланын малы. Пенделер болсо – Алланын пенделери. Алланын жолунда жоопкерчилигиме алган нерсе болбогондо, бир да карыш жерди корук кылбаган болор элем», – деди. Умар умумий мүлккө караштуу айрым жерлерди мусулмандардын жылкылары үчүн корукка айландырган болчу. О.э. Умардын адамдарды махрды төрт жүз дирхамдан ашыруудан кайтарганын бир аял инкар кылып: «Буга сенин акың жок, эй Умар, Алла Субханахунун:

}وَءَاتَيْتُمْ إِحْدَاهُنَّ قِنطَارًا فَلاَ تَأْخُذُوا مِنْهُ شَيْئًا{

«…абалкысына эсепсиз мал-дүйнөнү (махр кылып) берген болсоңор да, андан бир да нерсени кайтарып албагыла!», [4:20]

– дегенин укпагансыңбы?» дегенде, Умар: «Аял туура айтты, Умар ката кылды», – деди.

О.э. Али t Усман t амирул муъминин болуп турганда, анын хаж менен умраны бирге өтөө жөнүндөгү сөзүн инкар кылды. Ахмад сахих риваят менен Абдулла ибн Зубайрдан риваят кылат: «Биз Жухфада Усман менен бирге элек. Ал кишинин жанында Шам калкынын бир топ адамдары чогулуп, арасында Хабиб ибн Маслама ал-Фахрий да бар болчу. Ошондо таматтуъ хаж (ажылык менен умраны бирге өтөө) жөнүндө сөз башталганда, Усман: «Хаж менен умра – экөөсү хаж айларында бирге өтөлбөсө, толук аткарылган болот. Кана эми, ушул умраны кечиктирип, байтулланы эки жолу таваб кылсаңар жакшыраак болор эле. Анткени, Алла жакшылыкка мүмкүнчүлүк берген го», – деди. Бул учурда Али ибн Абу Талиб өрөөн ичинде төөсүн оттотуп жүргөн болчу. Усмандын сөзүн угар замат анын алдына келип: «Расулулла t ишке ашырган сүннөткө жана Алла Өзүнүн Китебинде пенделерине берген уруксатка кол салып, алардан адамдарды кайтарып, кыйын абалга салмакчысызбы, акыры бул муктаж болгондор жана алыста жашагандар үчүн го…?» – деди. Ошондо Усман адамдарга карап: «Мен кайтардымбы? Мен кайтарганым жок. Балким, ал менин гана райым. Ким кааласа алсын, каалабаса инкар кылсын», – деди».

Ошондуктан, Үммөт межлисинде шуро укугу болгону сыяктуу, анын жоопкерчилигинде мухасаба кылуу важибдиги да бар.

Жогорудагылардан шуро менен мухасабанын ортосунда айырма бар экендиги маалым болот. Себеби, шуро чечим кабыл алынбай туруп, рай алуу же аны угуу болсо, мухасаба чечим кабыл алынгандан же иш жүзүнө ашырылгандан кийин каршылык билдирүү болуп эсептелет.

 (“Халифалык мамлекетинин жихазы” китебинен).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here