Кыргызстан Аралды сактап калуу эл аралык фондундагы катышуусун токтотуп койду

256
0

Кыргызстан Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фондуна жана анын органдарынын ишине катышуусун убактылуу токтотту. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Брюсселде  өткөн “Евробиримдик – Борбор Азия” жыйынында билдирди.

Динара Кемелованын белгилешинче, бул фонд “аймактагы айрым мамлекеттердин суу пайдалануудагы гидроэнергетикалык аспектилерин жана муктаждыктарын” эске албай жатат. Ошондой эле, анын айтуусунда, буга чейин кыргыз тараптын уюмду реформалоо боюнча сунуштары көңүлгө алынбай калган.

ТИМдин релизинде: “Кыргызстан тарап фонддун ишмердүүлүгү боюнча сунуштаган реформа ишке ашырылбады.Ушул себептен улам Кыргызстан фонддогу жана анын органдарындагы катышуусун убактылуу токтотууга чечим кабыл алды”, – деп айтылат.

Аралды сактап калуу фонду 1993-жылы негизделген. Аны ачуу келишимине Борбор Азиянын беш мамлекети кол койгон. Катастрофалык масштабда солуп бараткан Арал деңизи Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан. Фондду эл аралык уюмдар каржылайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here