НАТОнун Афганистандагы миссиясы узартылат

363
0

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин билдиришинче, НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери НАТОнун Афганистандагы миссиясын 2016-жылдан кийин дагы узартуу жөнүндө токтом кабыл алышты.

“НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери бүгүн НАТОнун Афганистандагы “Күчтүү колдоп-кубаттоо” миссиясын 2016-жылдан кийин да улантуу жөнүндө токтом кабыл алышты. Афган улуттук күчтөрү баатырдык, бекемдик жана профессионалдуулук көрсөтүшүүдө, бирок ошого карабастан, Афганистан көптөгөн карама-каршылыктарга дуушар болууда. Ошол себептен улам миссия токтотулбайт”, – деди Столтенберг.

НАТОнун башкы катчысы альянска мүчө мамлекеттер афган армиясын жок эле дегенде 2020-жылга чейин каржылай тургандыгын тастыктады.

НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйынындагы акыркы жолугушуу Афганистандагы кырдаалга арналды. Бул жыйынга Япония жана Түштүк Корея сыяктуу өнөктөш мамлекеттердин о.э. БУУнун өкүлдөрү катышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here