Обама Россияга “чыныгы улуулукту” сунуштады

265
0

 АКШ президенти Барак Обама Ганноверде Германия, Британия, Франция жана Италия жетекчилери менен жолугушуусунун алдында “Россияга карата санкциялар Минск келишимдери аткарылганга чейин ишке ашырылышы керек жана расмий Москва болсо дүйнөлүк коомчулук менен кызматташуусу зарыл” деген пикирлерди билдирип өттү.

 Euronews телеканалы Обаманын: “Россия чыныгы улуулук кошуналарды коркутууда эмес, тескерисинче дүйнө мамлекеттери менен кызматташууда экенин түшүнүп жетет деп ишенемин”,- деген сөздөрүн келтирди.

 Россия менен жакшы алакаларды орнотууга аракет кылып жатканын айткан Обама, Минск келишимдериндеги беренелер аткарылмайынча Россияга карата санкциялар күчүндө калышы керектигин баса белгиледи.

 Обаманын айтымында, Украинадагы “орус агрессиясы” НАТОнун чыгыш Европадагы союздаштарынын ачуусуна тийип жатат жана “суук согуш доорунан кийин жетишилген өнүгүүнү” коркунучка кептеп жатат. Обаманын баса белгилешинче, аскерий альянс мындан кийин да Прибалтика мамлекеттерин, Польша жана Румынияны колдоп-кубаттайт.

Өткөн аптада Кремль “НАТО менен ишенбестик болуп жатканы” тууралуу билдирүү берип, расмий Москва альянстын достукка туура келбеген иш-аракеттерин, айрыкча НАТО Россия чегараларына жакын жерлерде аскерий кубатын күчөтүп жатканын айткан эле.

Ганноверде сөзгө чыккан АКШ президенти Европа коопсуздугуна да токтолуп, кээде “Европа өз коопсуздугу жаатында жетиштүү деӊгээлде кайгырбастыгын” айтты. Анын айтымында, НАТОнун бардык мамлекеттери коргоо тармагына ИДПнын 2 пайызын жумшоого аракет кылышы керек.

Обаманын айтымында, Европа союзу глобалдык коллективдүү коопсуздукту камсыздоо милдетинин бир үлүшүн моюнга алышы керек. Обама ушундан келип чыгып, НАТОнун июлда болуучу саммитинде “коопсуздук боюнча милдеттенмени алъянстын бардык мүчөлөрү  теӊ аткарышы шарт” деген сунушту көтөрүп чыгарын билдирди.

Туркистон: Россия, эл аралык саясатта көптөгөн каталарды кетирди. Натыйжада АКШ аны Европа Союзу мамлекеттерин коркутуу үчүн пайдалана баштады. АКШ НАТОну Европа аймагынын жападан-жалгыз коргоочусу катары сактап турушу керек. Ал Европа Союзу мамлекеттерин бул аскерий уюмга муктаж экендигине да ишендирип барышы керек. Аларда пайда болуучу бул коркуу жана ишенимдин негизинде бул уюмдун чыгымдарынын бир бөлүгүн алардын мойнуна жүктөйт. Россия Украинадагы каталары себептүү АКШнын Европа союзун коркутуучу кезектеги куралына айланды.

Эми Россия Минск келишимин аткарган күндө да АКШдан кутула албайт. Себеби, андан кийин Крымды азат кылуу маселеси көтөрүлөт. Крым болсо, Россия үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү аймак болуп эсептелет. АКШ Россиянын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып бербейт. Ал Путинди Сирияга каршы союздаштыкка чакыруу менен алдады. Эми Путин андан үмүттөнбөсө да болот. АКШ Россияны экономикалык жана саясий жактан өтө алсыз кептеп алып, андан өзүнүн кызыкчылыктарында пайдалана берет. Россиянын бүгүнкү абалы да АКШны канаатандырбайт. Ал Россияны жетекчи мамлекеттер катарынан биротоло өчүрүп жиберүүгө аракет кылат. Колунан келсе аны бөлүп жибериши да мүмкүн. Бирок, анын өнүгүп кетишине мүмкүнчүлүк бербейт о.э. бүгүнкү абалында турушуна да ыраазы болбойт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here