Саркози: Европа Союзунда Түркияга орун жок

263
0

 Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози – Түркия Россияга салыштырмалуу азыраак европалашканын, ал үчүн Европа Союзунда орун жоктугун айтты.

«Бул сөзүм, ичимде түрктөргө карата душмандык бар экендигин түшүндүрбөйт, биздин аларга муктаждыгыбыз бар жана алар биздин НАТОдогу союздаштарыбыз», – деди Саркози.

Ишемби күнү ITELE телевидениесине берген интервьюсунда мындай билдирүү берди: «Түркиянын Европа Союзуна мүчө болушу логикага жана соо-саламат пикирге туура келбейт. Себеби көп жагынан өлчөгөндө, ал Россияга караганда азыраак европалашкан мамлекет».

Дагы кошумча кылып: «Түркия кичи Азияда жайгашканына жана маданияты жогору болушуна карабастан, Азия-Европа ортосунда көпүрө болуудан башка нерсеге жарабайт. Эгерде биз Түркия – бул Европа деп айта турган болсок, бул нерсе Европа чегаралары Сирия аркылуу өтөт дегенди түшүндүрөт, бул болсо соо-саламат пикирге тескери келет», – деди.

Саркози өзгөчө баса белгилеген нерсе, жаңы Түркия мамлекети Европанын көптөгөн демократиялык өлчөөлөрүнө туура келбейт, ал тарыхий, маданий жана экономикалык жактан Европадан бүтүндөй узак мамлекет, ким мындан башкача сүйлөй турган болсо, ал Европа Союзуна өлүм тилеген болот.

Франциянын мурдагы президенти Европа Союзу менен Түркия ортосундагы качкындарга тиешелүү тергеп-тескөөлөрдү сындады жана мындай тергөө Түркияга визалар маселесинде чегинүү болуп эсептелишин билдирди. О.э. сексен миллион түркиялык визалардын жокко чыгарылышына каршылык көрсөтүшүн да айтып өттү. (Россия сегодня).

Роя гезитинин комментарийи:

Түркиянын Европа Союзуна киришине ыраазы эместиги жөнүндөгү Саркозинин пикири Европадагы өтө көп жетекчилер, партиялар жана калктардын пикирин чагылдырат. Анын «Түркия тарыхий, маданий жана экономикалык жактан Европадан бүтүндөй узак мамлекет» деген сөзү европалыктар түрк калкынын маданияты жана тарыхынан кооптонуп жатканына ишара кылат. Себеби, Түркия калкы негизинен мусулмандардан турат о.э. алар да башка исламий калктар сыяктуу эле, Исламды жакшы көрүшөт. Туура, Түркия башка исламий өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ илманийлешкен мамлекет. Бирок ошого карабастан, европалыктар алардын тарыхынан коркушат. Себеби, түрк элинин Стамбулдагы Халифалык заманын эӊсешин, ошол кезде мусулмандар таасирге ээ болушканын жакшы билишет. Ошондуктан, европалыктар Түркияга көп шарттарды коюшуп, анын Европа Союзуна мүчө болуу маселесин атайылап кечиктирип келе жатышат. Европалыктарда Исламга, мусулмандарга, айрыкча, түркиялык мусулмандарга карата душмандык сезими бар. Ал эми Түркия жетекчилери болсо Европа Союзуна кошулуу үчүн ошолордун артынан алдастап чуркап жүрүшөт. Чындыгында, 1987-жылы Түркия Европа Союзуна мүчө болуу талабын сунуштады. 12 жылдан кийин 1999-жылы Европа Союзу Түркиянын мүчөлүккө талапкер болушуна ыраазы болду. Бирок, толук мүчө болуу сүйлөшүүлөрү 2005-жылы Адилет жана Өнүгүү партиясы бийликке келгенден кийин гана башталды, бирок, сүйлөшүүнүн жыйынтыктоочу убагы белгиленбеди.

Роя гезитинин 2016-жыл, 23-марттагы 70-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here