Хизб ут-Тахрир Идлибдин Дана шаарында демонстрация өткөрдү

253
0

 Шам өлкөсүндөгү көп сандуу калк Хизб ут-Тахрир-Сирия вилаятынын даъватын кабыл алды жана Хизбдин Идлибдеги Дана шаарында өткөргөн демонстрациясына катышты. «Шейиттер каны менен соодалашуучуларга наалат болсун» деген аталыштагы ушул демонстрацияны Хизб мубарак шам козголоңунун беш жылдыгына байланыштуу уюштурду.

Демонстрацияда Хизб ут-Тахрир-Сирия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн төрагасы устаз Ахмад Абдулваххаб сөз сүйлөдү. Сөзүндө шам козголоңунун өзгөрбөс негиздерин баса белгиледи о.э. бул негиздер режимди бүт таяныч жана символдору менен кулатуу жана Сирияны кафир Батыштын бардык таасиринен куткарып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөдөн тургандыгын ачыктады. Шам калкын нусрат келгенге чейин бекем турууга жана сабыр кылууга чакырды. Алардын кандары жана курмандыктары жаатында Женева жана башка сүйлөшүүлөрдө соодалашып жаткан кимселерди катуу каралады.

Демонстрацияда адамдар ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах байрагын т.а. Расулуллах A жана хулафаи рошидиндер көтөргөн биринчи Ислам мамлекетинин байрагын көтөрүп чыгышты. Бул байракты болсо бүгүн куфр мамлекеттери илманий уюмдар жана адамдар жардамында өздөрүнүн колонизатордук байрактарына алмаштырууга аракет кылып жатышат. Демонстрация уюштуруучулар жана алардын артында турган шамдык калк ушул рояны көтөрүп чыгуу менен чыныгы козголоңдун байрагы колонизаторлор байрактары эмес, тескерисинче мына ушул Укоб роясы экендигин далилдешти. Илманийлер жана айрым исламчылар болсо ушул колонизатордук байрактарын козголоң байрагы деп жатышат.

Ислам менен куфр ортосундагы күрөш ар түрдүү көрүнүштөрдөн туруп, алардын бири байрактар күрөшү. Т.а. Ислам байрагы менен колонизаторлордун байрактары ортосундагы күрөш. Ислам байрагы мусулмандарды бир саясий вужудда бириктирүүчү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинин байрагы болсо, колонизаторлуктун байрактары Ислам жана мусулмандардын душмандары тарабынан сызылган жана ар түрдүү түстөр берилген байрактар. Колонизаторлор мусулмандарды Исламга душмандык кылуучу мамлекеттерге бөлүп таштаган чегараларды сызып бергендей  эле, ушундай байрактарды да белгилеп беришкен.

Роя гезитинин 2016-жыл, 23-марттагы 70-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here