ААЛЫМДАРДЫН УНЧУКПАЙ ТУРУШУ КУФРДУ ЫРААЗЫ КЫЛБАЙТ (2)

271
0

 

بســـــم الله الرحمن الرحيم

 

ААЛЫМДАРДЫН УНЧУКПАЙ ТУРУШУ КУФРДУ ЫРААЗЫ КЫЛБАЙТ (2)

Ушул күндөргө келип Үммөт өз Исламына – жоготуп койгон нерсесин таап алгандай катуу кызыгуу менен – кайтып жатат, ал тургай кайрыдиндер да Исламды кабыл алып жатышат. Бул нерсе куфрду далбастатып койду. Аӊ-сезимдүү мусулмандар алардын малайларына кулак салбай, акыйкатты издөөгө олуттуу умутулуп жатышат. Ошондуктан, өздөрүнүн демократиялык негиздерине туура келбесе да, мусулмандарды чалгытуу максатында имам-молдолорубуздан пайдаланууну пландаштырып, аларды ушуга мажбурлап жатышат. Себеби, элибиз аларга ишенип “алар акыйкатты баян кылып жатышат, ачкөз, пайдапарас жетекчилерге окшоп өз кызыкчылыктарына жетишүү максатында бизди алдабайт” деп билишет.

Алгач “дин саясатка аралашпайт” же “дин башка, саясат башка” деген ураандар менен диний адамдардын оозун жабышты жана таасирлерин мечиттерден тышкарыга чыгарбоо негизинде иш алып барышты. Буга каршы болгондорду “эл душманына” айландырышты, камактарга таштап, элге аларды кооптуу адамдар катары көрсөтүүгө аракет кылышты. Орган кызматкерлери, маалымат каражаттары, “саясий эксперттер” аркылуу өз максаттарына жете албай жаткан куфр өз малайларынан, калкты Исламдан тосуу үчүн имам-молдолордон пайдаланууну талап кыла баштады. Муну элестетип алышыбыз үчүн дүйнөнү күзөтүп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон спутникти мисал келтиремин. Андан “Ислам дүрбүсү” менен мусулмандар дүйнөсүнө назар таштасак, акимдери куфрга малайлык кылып, өз калкына каршы иш алып барышын, карапайым калк туура эмес көрсөтмөлөргө ишенип, бири-бири менен душмандык кылышын, бири экинчисин акыйкаттан жүз үйрүгөн деп, ага каршы өз жакындарын үндөп  жатканын о.э. араб-түрк, өзбек, тажик, кыргыз же казак сыяктуу бөлүнүүлөр, шия-сунний деп касташууларды көрөбүз. Мындай абалга келип калышыбызда куфр демократиядан пайдаланды. Алардын чыныгы жүзү баарыбызга белгилүү болуп калды. Алардын өлкөлөрүбүздү өз ара талашууда, бизге өкүмдарлык кылууда, байлыктарыбызды талап-тоноодо ар кандай ыпыластыктан кайра тартпастыгын, улуттук, диний жана мекенчилдик негиздеги бөлүнүүлөрдөн пайдаланып  жатканын түшүнүп жеткен аң-сезимдүү мусулмандар күндөн-күнгө көбөйүп барууда.

Аӊ-сезимдүү мусулмандардын Куран жана хадистерге кайрылгандыгынан куфрдун башы каткан. Себеби, Исламдын келиши алардын кыйроосун түшүндүрөт. Башкача айтканда өлкөлөрүбүздү, байлыктарыбызды ташып кете албай калышат. Талап-тоноо токтойт, зулум, жырткычтыктар жок болот. Аллах Таала айтат:

وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقًا

Дагы айткын: Акыйкат (т.а. Ислам) келди жана батыл (т.а. куфр) өчүп-   жоголду. Себеби, батыл жоголуучу нерсе. [17:81]  

Куфр мусулмандар бири-бирине каршы болушу үчүн бардык ыкмаларды ишке салууда, өздөрүнө малайлык кыла турган “жетекчи”лерди удаама-удаа алмаштырып жатат, бирок бул нерселер аң-сезимдүү мусулмандарга “пайда” бербей жатат. Алар Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в)дын абасы Абу Талибге айткан: Аллага ант болсун абаке, алар эгер ушул ишти ташташымдын акысына күндү оң ийниме, айды сол ийниме коюп беришсе да, эч качан таштабаймын. Же Алла ушул ишти жүзөгө чыгарат же мен ушул иш жолунда өлөм”, – деген сөздөрүнөн өрнөк алышып, Исламдан жана анын өкүмдөрүн дүйнө жүзүндө колдонуучу Халифалык түзүмүнөн башкасына ыраазы болбой жатышат. Түпкүлүгүндө, бул иш Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в)дан кийин, өзүн момун деп эсептеген ар бир мусулманга мурас болуп калган.

Тыянак ушул, аң-сезимдүү мусулмандан келечек бир гана Исламда деп ишениши, акыйкатка кайтышы жана Куран менен хадисти бекем кармашы талап кылынат, биз ошондо адашпайбыз. Мисалы: Биз күн сайын ар түрдүү адамдарга жолугабыз. Алардын көпчүлүгү Аллах Таалага, Китебине, Расулуна (с.а.в)га ыйман келтирген адамдар. Алар буга толук амал кыла элек болушса да, бирок жок эле дегенде “нике” менен турмушун баштайт жана “жаназа намазы” менен сөөктү узатат. Ушундай болгон соӊ ал мусулмандын калган өкүмдөргө амал кылбастыгы билгендердин мойнуна түшөт. Демек, алар биздин агабыз же инибиз, аларга куфр бизге тыгыштырып жаткан балээлер негизинде  карашыбыз арам. Ал тургай, эки момун ошол негиздерден таасирленип, өз ара чатакташып жаткан болсо алардын ортосун ыйман негизинде оӊдошубуз керек. Себеби, Аллах Таала:

إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ فَأَصْلِحُوا بَيْنَ أَخَوَيْكُمْ وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

Момундар эч шек-күмөнсүз, ага-инилер. Ошондуктан, силер эки ага-иниңердин ортосун оңдоп койгула! Аллахтан корккула – балким Ал зат тарабынан боло турган ырайымга жетишесиӊер [49:10]– деп жатат.

Эми алардын кээ бирлери куфр балээсинен таасирленип ооруга дуушар болгон болсо, аларды кечип жиберүү же душман деп билүү кафирлерди курсант кылат, алардын максаты ишке ашат. Себеби, адам “алкаш” болуп кеткени үчүн же жалганчы, ууру, зынакор болуп кеткени үчүн, ал тургай душмандарга малайлык кылып  жатканы үчүн өз агасынан же инисинен кечип жиберүүгө болбойт. Туура, ага ыраазы болуу арам, бирок аны бул жийиркеничтүү иштен куткаруу жолдорун издейт. Демек, Аллах Тааланын каарын келтирип жүргөн, шариятка тескери иштер менен алектенген адамды амру-маъруф жана нахий-мункар кылуу биринчи кезекте анын жакындарына түшөт, калгандар бул иштеги алардын жоопкерчилигин эскертүү, ага үндөө менен болот, айрыкча ал бирер жетекчи болсо, баары эле аны амру-маъруф жана нахий-мункар кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло бербейт. Боордоштор ортосунда акыйкатсыздык кылуучу залим кимсе бар болсо, Анас (р.а)дан риваят кылынган хадисте келишинче анын досторуна маанилүү бир милдет жүктөлөт. Анас (р.а.) риваят кылат, Расулуллах(с.а.в): “Боордошуӊа залим болсо да, мазлум болсо да жардам бер, – деди. Ошондо биз: Я Расулуллах, мазлум болгондо жардам беребиз, залим болгондо кандай жардам беребиз?- деп сурадык. Расулуллах(с.а.в): Аны зулумунан тыйып коёсуӊар, демек мына ушул нерсе ага жардамыӊар болот”, – деди. (Имам Термизий риваяты). Антпесе баарыбыз бирдей күнөөкөр болобуз, себеби Расулуллах (с.а.в): «Жок, эч качан, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте, Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт», – деген. Мындан Аллах сактасын.

 Албетте, залимдин бул кеселинен бардык момундар кыйналат жана бул кыйналышы аны кечип коюуга же душман деп билүүгө алып барбашы керек. Тескерисинче ыйманыбыз аларды кечип жиберүүнү эмес, айыктыруу жолдорун издешибизди талап кылат. Бул сөздөрүбүзгө Расулуллах (с.а.в)дын: «Момундардын бири-бирине мээрими, ырайымы жана камкордугу кудум бир дене сыяктуу, ушул дененин бир мүчөсү ооруп калса, калган бардык мүчөлөрү да ушул мүчө үчүн ысытмалап, кам көрүп чыгат», – деген жана:  «Момундар бири-бирин сүйөп турган имарат сыяктуу», –  деген сөздөрү далил болот (Сахих Муслим).

Айтыӊызчы, акылыӊыз же напсиӊиз туура чечим кабыл алабы  же Аллах Тааланын жана Анын Расулу(с.а.в)дын өкүмдөрү туурабы?!  Субханаллах. (уландысы бар).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here