Пентагондун жетекчиси Россияны глобалдык коркунучтар тизмесинде биринчи орунга койду

301
0

 Пентагон башчысы Эштон Картер 2017-жылдагы коргоо бюджетин талкуу кылуу учурунда АКШ коопсуздугуна коркунуч туудуруучу глобалдык 5 коркунучту айтып өттү. Ал ушул коркунучтар арасында Россияны 1-орунга койду. Бюджет долбоорунда АКШ армиясы үчүн 582,7 млрд доллар жумшоо сунушталган.

 Картер коркунучтар тизмесинде Россиядан кийинки орундарга Кытай, Түндүк Корея, Иран жана эл аралык терроризмди койду. Бул тууралуу АКШ коргоо министрлигинин сайтындагы кабарда айтылды.

 “Бүгүнкү күндө коопсуздук жаатындагы кырдаал акыркы 25 жыл ичиндегиден кескин айырмаланат. Ал жаңы жандашууларды талап кылат”, – деди Картер. Ал Россия жана Кытайды курал-жарак системасын өнүктүрүп жаткан о.э. кээ бир аймактарда АКШнын жетекчилигин коркунучка кептеп жаткан эң кооптуу атаандаштар катары сүрөттөдү.

 Картер 2017-жыл үчүн 582,7 млрд доллардык аскерий бюджет сурап жатат, бул каражаттын 523,9 млрд доллары таяныч бюджетти түзөт, калган 58,8 млрд доллар чет өлкөдө шашылыш операцияларды өткөрүү үчүн жумшалат.

Туркистон:

АКШ Россияны талкалап жок кылып жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо да, аны Түндүк Корея же Өзбекстан режимдери сыяктуу, өзүнө көз каранды абалда бир нече мөөнөт кармап туруп, андан Иран, Израиль сыяктуу башка региондорду коркутуп туруу максатында пайдаланып алууга аракет кылат. Ал үчүн Путин ички жана тышкы саясатындагы тизгиндин негизги бөлүгүн АКШга берүүгө мажбур болот. Ал өзүнүн Батышка каршы саясатын теориялык долбоорлорго жана пикир же сөз менен билдирүүгө гана чектейт.

Путин Россияны кор абалда болсо да өз режими астында кармап туруу үчүн АКШга толук көз каранды болуудан башка чарасы жок. Бул жашырынган формат ичинде болуп, Иран Ислам республикасы, Саудия исламий королдугу, Түндүк Корея мамлекеттери сыяктуу көрүнүштө болот. Россия Сирияда өз алдынча аракеттенип жаткандай көрүнгөн абалында, АКШ үчүн иттей кызмат кылып берди. АКШ болсо ал жүргүзүп жаткан бардык жырткычтыктарга каршы болсо да, бирок чарасыз болуп жаткандай көрүнүп, маалымат каражаттарында чыгуулар менен Россияны бүт дүйнөгө башкарып болбой  турган аскерий машина кылып көрсөтүүгө аракет кылды.

Эми болсо АКШ Россияны башкара ала турган жападан-жалгыз кубат өзү экендигин түшүндүрүп коюуга аракет кылып жатат. Бул ачык оюн болуп, Батыш дүйнөсү жана Кытай да “Россиянын иштери боюнча АКШ менен келишүү керек” деп пикирлей башташат. Путиндин ушул кордукка канча мезгил ыраазы болуп туруп бериши анык эмес. Анык болгон нерсе, АКШ Россияны экономикалык оор абалга дуушар кылууну уланта берет. Бул аны Путиндин режимин толук тизгиндеп алышындагы негизги куралы болуп эсептелет. Путин АКШдан да көбүрөөк өз элинен тынчсызданууда. Себеби, Россиянын ушул экономикалык кризиске кептелип калышына Путин жана анын ачкөз режими айыптуу.

Тыянак кылып айта турган болсок, Россия өз ыктыяры менен Сириядан чыгып кеткен жок. Ал азырынча толук чыгып кеткен жок. Болгону, АКШ баш болгон жалпы куфр кызыкчылыктарына ылайык аракеттенүүнү улантып жатат. Ал Асаддын аймагын коргоочу болуп турат. Эгерде АКШнын операциялары жокко чыкса, анда дагы кайрадан майданга кирип келиши да мүмкүн. Же ал Асадга өз аймагын сактап турууга жардам берүү менен аны коргоп берсе, тышкарыдагы исламий күчтөр бири-бири менен аймак талашып согушушат. Бул да куфр долбоорлорунун бир бөлүгү болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here