Өзбек чегарачылары талаштуу аймактардын бирин басып алды

245
0

Туркистон:

18-март күнү эртелеп саат 7-30 чамасында өзбек чегарачылары бир нече аскерий техникалары менен Жалал-Абад областынын Аксы районундагы кайсы тарапка таандык экендиги тактала элек жерди басып алышты. Ал жерге блок постторду орнотуп, ары-бери өткөн жарандардын паспортторун текшере башташты. Бул жер Советтер Союзу доорунан бери Кыргызстан мамлекети тарабынан көзөмөлдөнүп келген.

“Кабарлар” маалымат агенттиги таркаткан маалыматка ылайык, 19-март күнү кыргыз аскерлери да “Кербен – Ала-Бука” жолуна эки бронетехника алып келип койгон. Маалымат каражаттарында келишинче, Кыргызстандын аскерий күчтөрү да чегара бузулган аймакка карай багыттала баштаган имиш.

Түпкүлүгүндө, Кыргызстан Өзбекстан тарапты чегара менен тоскон эмес. Чегара өзбектер тарабынан гана тосулган. Кыргызстан болсо чегараны чегарачы аскерлер аркылуу гана көзөмөлдөп турат.

Кырдаал тууралуу айта турган болсок, албетте бул нерсе өкмөттөр аралык келишимдер негизинде чечилиши керек болгон проблема. Бирок, буга чейин да бул сыяктуу проблемалар жүз берген эле. Мисалы, 2013-жылы кыргыз өкмөтү “Кыргызгаз”ды Россияга сатып жиберген учурда Өзбекстан Кыргызстанга газ берүүнү токтотуп койгон эле. Биздин ишенген министрлерибиз болсо, уялбастан “Өзбекстандын министрлери бизди кабыл албай жатат” деп билдиришкен. Өзбекстан жетекчилери Кыргызстандын жетекчилерине эгемендүү мамлекеттин жетекчилери катары карабай коюшкан. Алар Кыргызстандын министрлери менен бирер проблема боюнча сүйлөшүү үчүн ал тургай жолугушууну да зарыл деп билишпейт. Ошондуктан, Кыргызстан кээде Россияга, кээде Америкага кошомат кылып турууга мажбур. Азыркы абалда ЖККУ уюмунун келишими болбосо Өзбекстан Кыргызстанга бастырып кирип келет беле.

Бирок, проблеманын негизи буларда эмес. Кыргызстандагы бир катар күчтөр “проблеманы чечиши мүмкүн болгон жападан-жалгыз кубат кыргыз эли” деп чыга башташты. Бул өтө кооптуу абал болуп, улуттук жаӊжалды дагы да курчутат. Проблеманын башталышы т.а. Өзбекстандын агрессивдүү аракеттерди кылышы оппозициялык күчтөрдүн жаздагы жанданып баштаган аракеттерине байланыштуу. Бирок, Өзбекстанды учурдагы кыргыз жетекчилери да, же аны коргоп калуу керек деген пикирлер да кызыктырбайт. Каримов 2010-жылдагы улуттар аралык жаӊжал дагы кайталанып кетишинен тынчсызданууда.

Акыркы кездерде өкмөт өзүнө караштуу бардык тармактарды улутчулдук пикири үстөм болгон адамдарга алмаштырып алды. Алар өз кезегинде, өзүндөгү улутчулдук туйгулары менен о.э. колундагы ыйгарым-укуктарынан пайдаланышып, чөйрөбүздү да улуттук идеология сыяктуу бузук робиталар менен ылайкалап жиберишти. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилигинде, ал тургай диний мекеме жана элитанын өкүлдөрү да улутчул боло башташты. Бул болсо, өз кезегинде бийликке умтулуп жаткан, же бийликти колунда кармап калууга аракет кылып жаткан кубаттар каалаган учурда тутантып жибериши мүмкүн болгон бузук чөйрөнү пайда кылып жатат.

Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү бул нерседен кооптоно башташты. Алар жогорудагы зомбулук аракеттери аркылуу өзбек улутун, айрыкча алардын арасындагы улутчулдарды рухий жактан бир топ колдоп жиберет. Себеби, Кыргызстандагы улуттук элита өкүлдөрү кырдаалды курчутуп жиберишти. Алар, ал тургай диний улама же белгилүү диний фигураларды да кыргыз улуттук уламалары деп атай башташты. Акыйкатта болсо, диний катмар бир улутка же коомго таандык болушу мүмкүн эмес.

Аскерий аракеттер башталып кеткен күндө да, Кыргызстандын аскерий абалы Өзбекстандын аскерий кубатына теӊеле турган абалда эмес. Элдин мекенчилдик туйгусун көтөрүү болсо, акмакчылык болуп, ички улуттук жаӊжалдарды пайда кылышы мүмкүн. Бул нерсе граждандык согушка алып барат. Т.а. Өзбекстан Кыргызстандагы өзбектерди куралдандыруу менен кыйыр түрдө т.а. өзү аралашпаган абалда иш баштап жибериши мүмкүн. Кудум, Россия Украинага каршы жүргүзгөн согуш сыяктуу.

Бул проблема Исламий чөйрөнү туура уюштуруу менен жана аны ушул проблеманы чечүү үчүн туура колдонуу менен чечилет. Эӊ оболу Кыргызстанда улутчулдук мухитин жокко чыгаруу керек. Т.а. бул улутчулдук деген ыпылас мухиттен оппозиция да позиция да, аларды коргоо максатында башка Россия сыяктуу үчүнчү күчтүн өкүлдөрү да пайдалана алышпасын. Анын ордун, албетте, туура исламий мухит ээлеши керек.

Ал  үчүн орган кызматкерлери диний жамааттарга жана диний адамдарга туура даъват жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек. Акыркы кездерде жүз берип жаткан басым өткөрүүлөр; шариятка тескери атестациялар; цензуралар; аларга сабатсыз адамдар тарабынан ката жана жалааларга толгон хутба темасы берип турулушу, – булардын баары исламий адамдарды куфр капасына салып коюуга барабар. Аларга коомубуздагы бузук көрүнүштөргө жана шариятка тескери багыттарга карата өз позициясын билдирүү мүмкүнчүлүгүн берүү керек.

Антпесе, жогорудагы сыяктуу Өзбекстан тарабынан башталган кемсинтүү аракеттери улана берет. Себеби, биз аларды да, өзүбүздү да тынчсызданыдырып жаткан бузук мухит пайда кыла берүүчү абалдарды пайда кылып алып жатабыз. Анын алдын алышы мүмкүн болгон уламалар армиясынын ооздорун жаап, кээ бирлерин камап, куугунтуктап жатышат. Биз Өзбекстанга таасир өткөрө албаган соӊ, ал тургай тынч абалда чоӊ сүйлөп жаткан бийлигибиз да аларга таасир өткөрө албаган соӊ, келгиле, өзүбүздүн арабыздагы бузукчулуктарга каршы күрөшөлү. Бузукчулуктарды атайылап пайда кылып жаткан бузуку күчтөргө каршы күрөшөлү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here