Сирия оппозициясы: де Мистура бизге басым өткөрүүдө

251
0

Сирия оппозициясы жаңы партияларды кезектеги Женева сүйлөшүүлөрүнө катышууга чакыруу аркылуу оппозицияга «басым өткөрүү» болуп  жатканын каралады о.э. өткөөл мезгил комитети жөнүндө сөз кылуунун ордуна, Сирия жаңы өкмөтү жөнүндө сөздөр болуп жатканын катуу сындады.

Сириянын мурдагы маданият министри, учурда сүйлөшүүлөр жогорку комитетинин маалымат катчысы Рияз Наъсон Ага ишемби күнү «Хадас» каналына интервью берди. Интервью учурунда БУУнун Сириядагы өкүлү Стефан де Мистура жаңы партияларды Женева сүйлөшүүлөрүндө катышууга чакыруу менен оппозицияга басым өткөрмөкчү болуп жатканын баса белгиледи.

Анын түшүндүрмө беришинче, де Мистуранын мындай кадамынын артында “сүйлөшүүлөргө катышууга даяр турган башка партиялар да бар” деген маани жатат.

Рияз Наъсон Ага де Мистуранын биз Женевада шайлоолорду талкуу кылабыз деген сөздөрүнө таӊ калгандыгын билдирип, анын мындай сунуштары сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарышын жана оппозицияны Женевага барбастыкка үндөшү мүмкүн экендигин баса белгиледи. Бул баскычта шайлоолор эмес, өткөөл мезгил комитети жөнүндө талкуулашуу маанилүүрөөк экендигине басым жасады. (Арабийя нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Оппозиция делегациясынын басымга учуроосу биринчи жолу жүз берип жаткан жок. О.э. “Сирия сүйлөшүүлөрү жогорку комитети” деп аталган комитеттин мүчөлөрү да ушундай билдирүү менен биринчи жолу чыгып жаткан жок. Алар өз билдирүүлөрүндө басымга учурап жатканын, куралдуу топторго коркутуулар болуп жатканын, ошону менен бирге Жон Керри аларды сүйлөшүүлөргө барууга жана Америка долбоорлоруна моюн сунууга мажбур кылганын айтып келишет. Бирок ошого карабастан, бул комитет Америка шарттарын кабыл алууну улантып жатат. Америка басымдары жөнүндөгү сөздөрү болсо “биз сүйлөшүүлөргө катуу кысымдар астында катышууга мажбур болуп жатабыз” деп Шам калкын алдап жатат. Эгерде бул комитет мүчөлөрү чынчыл болуп, Шам калкына карата жана алар берген курмандыктар алдында калыс турушканда, комитетти таркатып жиберишкен жана сүйлөшүүлөрдөн кутулушкан болушат эле. Бирок кайдан мындай кылышсын, акыры алар Америка жана ага көз каранды мамлекеттердин куурчактары го?

Роя гезитинин 2016-жыл, 9-марттагы 68-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here