Саудия: Сирияга кургактыктан чабуул кылууга даярбыз

293
0

Саудия Сирияга кургактыктан чабуул уюштуруу мүмкүн экендигин билдирди. Саудия коргоо министринин кеңешчиси генерал Ахмад Ашири ИШИМге каршы ишке ашырылышы мүмкүн болгон “кургактыктан чабуулга өтүү” операциясында эл аралык коалиция менен бирге катышууга даяр экендигин билдирди. Генерал Ахмад бул тууралуу Ал-Арабия телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

“Эгерде коалиция жетекчилери туура көрсө, Саудия кургактыктан чабуулга өтүүнү каалайт. Себеби, биз авиа соккулардын өзү амалий чечим эместигине ишенебиз. Асмандан жана жерден бир мезгилде чабуул кылуу керек”, – деди Ашири.

АКШнын Коргоо министри Эштон Картер Саудиянын ИШИМге каршы кургактыктан чабуул кылуу идеясына курсант болгондугун билдирди. Картердин айтымында, ал бул теманы кийинки апта Брюсселде Саудиянын расмийлери менен талкуулашат.

“Эмдиги апта Брюсселде Саудия жана башка 25 мамлекет менен бул теманы талкууга коёбуз”, – деди АКШнын Коргоо министри.

“Бул өтө эле кубанычтуу кабар. Саудиянын Коргоо министри менен кийинки аптада бул тууралуу жана дагы башка иштер тууралуу маектешүүнү сабырсыздык менен күтүп жатам”, – деп кошумчалады Картер.

Картер АКШ да, Саудия да ИШИМге каршы күрөштү күчөтүшү керектигин билдирди. Анын билдиришинче, коалициянын башка мүчөлөрү да ошол эле учурда активдүүлүгүн күчөтсө, дагы да жакшыраак натыйжага жетишүүгө болот жана ушундай көрүнүштө ИШИМди жок кылуу жеӊилдейт.

Түркиянын да Сирияга кургактыктан чабуул кылышы туурасындагы сөздөр көбөйүп барууда. “The Guardian” гезитинин жазышынча, Саудия Сирияга кургактыктан чабуулдарды Түркия менен бирге ылайыкташкан абалда ишке ашырышы мүмкүн. “The Guardian” гезити менен байланышкан саудиялык булактар Сирияга миңдеген атайын даярдыктан өткөн күчтөр жиберилиши мүмкүн экендигин жана бул нерсе Түркия менен келишилген абалда ишке ашуусу мүмкүн экендигин билдирген. Гезит Түркия менен Саудия бир нече апта мурда ортоктош аскерий күч түзгөндүгүн да кошумча кылды.

Саудия Сирияда кургактыктан чабуулга өтүү операциясына катышууга даяр экендигин билдиргенден кийин Булуң мамлекеттеринин бири болгон Бахрейн да Саудия менен бирге Сирияда согушуу үчүн кошуун жөнөтүүгө даяр экендигин жарыя кылды. Бахрейндин Британиядагы элчиси Фаваз бин Мухаммад Бахрейн терроризмге каршы эл аралык коалицияга катышуу үчүн саудиялыктар менен бирге аракет кыла тургандыгын билдирди.

Туркистон: 

ИШИМ уюму Сирияда куфр күчтөрүнүн ушул күнгө чейинки бардык аскерий аракеттеринен зыянга учурабастан, тескерисинче, ушул чабуулдардын натыйжасында жаңы аймактарды ээлеп кеӊейип бара жатканы туурасында Багдадийдин өзү билдирүү берди.

Куфр дүйнөсү жана анын кутурган дөбөтү Путиндин аба күчтөрү аркылуу жүргүзүп  жаткан чабуулдары – Асадга жана куфрга каршы күрөшүп жаткан исламий ынкылаптык кыймылдарды жок кылууга каратылган. Эми өздөрүн Ислам дүйнөсүнүн коргоочулары деп билген Сауд арабдары да бүтүндөй Ислам дүйнөсүндөгү мамлекеттерди куфр дүйнөсүнө кудум Путин сыяктуу дөбөттүк кылууга чакыра баштады.

Ушул Саудия королдугунун аракеттерине парраллел багыт менен бара жаткан Женавадагы конференциялар АКШнын мусулмандарды бири-бири менен согуштуруу үчүн таштап жаткан үлкөн кадамы болууда. АКШ  Обаманын “эми биздин аскерлерибиз чет өлкөдөгү согуштарга катышпайт” деген билдирүүсү негизинде иш жүргүзүүдө. Обама бул сөзүн 2014-жылы сенаттын алдында айткан эле. Ал дагы: “Исламий мамлекеттер, өз проблемаларын өздөрүндөгү күчтөрү менен чечиши керек. Аларга ушул иштеринде кандай жардам керек болсо ошондой жардам беришибиз керек”, – деген эле.

Обама “өздөрүнүн проблемалары” дегенде Исламды назарда тутту. Сауддар да аны кудум ушундай түшүнүштү. Бирок, үммөт алардын аракеттериндеги ыпылас максаттарын түшүнүп алышы анык болгондуктан, АКШ ИШИМ коркунучун ойлоп тапты. ИШИМдин атынан бир нече жылдар бою голливуд студиялары жардамында бир нече адам өлтүрүү көрүнүштөрүн фильм кылып дүйнөгө кеӊири таркатты. Натыйжада АКШ бул уюмду мусулмандардын проблемасына айландырууга жетишүүдө. Өзү четте туруп, Россия, Иран, Түркия жана башка мамлекеттерди кыйыр түрдө башкарып жатат. Же аларга проблемаларды пайда кылуу менен басым өткөрүп келе жатат.

Өз кезегинде сауддар да өзүнүн таасири астындагы бардык окуу жайларда “такфир” түшүнүгүнүн негизи болгон мазхабдарды четке кагуу жана Шиъа мазхабын куфрга чыгаруу сыяктуу бир нече бузук негиздеги программа менен бүтүндөй бир муунду тарбиялап чыгууда. Ушунун натыйжасында ИШИМ уюму пайда болду. Ал тазалоо иштерин мусулмандардан баштады. Тазалыкты болсо Саудиядан алган бузук усул коидалары жана напистери негизинде иштеп чыгышып, натыйжада көптөгөн ката жана шариятка тескери адам өлтүрүүлөрдү ишке ашырып жатышат. Бул аракеттер куфр системасына өтө пайдалуу болуп, алар Саудия жана башка исламий жетекчилер жардамында “ИШИМ – Ислам жана мусулмандардын негизги душманы” деген тыянакка ишендирүүгө катуу аракет кылып жатышат. Обама жогорудагы докладында: “Американы дүйнөдө баскынчы кылып көрсөтүп келе жаткан бир топ бар, биз аларга каршы күрөшүүбүз керек. Дүйнөгө андай эместигин далилдешибиз керек”, – деген эле. АКШ ушул максатын ишке ашырууда ИШИМден пайдаланып жатат. Натыйжада ИШИМ коркунучун шылтоолоп, Ислам жана мусулмандарга каршы согушуп жатышат.

Түпкүлүгүндө, Шамда Россия, Иран жана Асад армиясы ишке ашырып жаткан кыргындардын артында АКШ жана бүтүндөй куфр дүйнөсү турат. Дал ушул АКШ эми Саудия, Түркия жана башка исламий мамлекеттерди бул ыпылас оюнга кошулууга мажбурлап жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here