Улуу мамлекетке көз каранды мамлекеттер ортосундагы келишпестиктердин акыйкаты

285
0

Суроого жооп

Улуу мамлекетке көз каранды мамлекеттер ортосундагы келишпестиктердинакыйкаты

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Улуу мамлекетке көз каранды же анын таасири астындагы мамлекеттер бир мамлекетке көз каранды болуп туруп өз ара күрөшүүсү мүмкүнбү? Эгер, бул мүмкүн болсо, бир улуу мамлекетке көз каранды болгон мамлекеттер ортосундагы мындай абалды кандай түшүндүрүү мүмкүн? Көз каранды мамлекеттер ортосундагы өз ара күрөш ушул улуу мамлекеттин кызыкчылыктарына таасир кылбайбы? Эгер, көз каранды мамлекеттер ортосунда мындай күрөш жүз бербесе, анда, мисалы Ирак менен Түркия, же Иран менен Саудия, же Түркия менен Иран ортосуда жүз берип жаткан иштерди кандай түшүндүрүү мүмкүн? Жооп үчүн сизге ыраазычылык билдиремин.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух

  • Улуу мамлекетке көз каранды мамлекеттер ушул улуу мамлекетке зыян жеткире турган иштерди жасашы акылга сыйбайт. Себеби, тышкы саясатта алардын улуу мамлекетке көз каранды болушунун мааниси мындай: көз каранды мамлекеттер улуу мамлекет аларга түзүп берген план же ал жүргүзгөн саясат боюнча жүрөт, ар кандай жузъий (экинчи даражалуу) маселеде бул план жана саясаттын алкагынан чыкпайт. Демек, көз каранды мамлекеттердин тышкы саясаттагы иш-аракети улуу мамлекеттин эркине байланыштуу. Ошондуктан, көз каранды мамлекеттер улуу мамлекет менен кеңешпей туруп бирер ишти кылышы мүмкүн эмес. Демек, алар улуу мамлекеттин буйругуна ылайык аракет кылышат. Мисалы, Иордания менен Британиянын мамилеси ушундай. Себеби, Иордания акимдери Британия буйруктарын аткарат. Демек, көз каранды мамлекеттердин акимдери тышкы саясатта улуу мамлекетти маалымдабай туруп эч бир ишти жасашпайт. Баарына белгилүү жана мурунтадан жүргүзүлүп келе жаткан саясат гана мындан сырткары. Себеби, мында көз каранды мамлекет ушул саясаттын алкагында иш-аракет кыла берет. Буга мисал кылып, Иорданиянын менен Британияга көз каранды Катар ортосундагы байланышты келтирүү мүмкүн. Бул эки мамлекет Британия саясатына кызмат кылган ишти биргеликте жүзөгө чыгаруу үчүн өз ара байланышып турат.
  • Улуу мамлекеттин таасири астындагы мамлекет жөнүндө айтсак, ал улуу мамлекет менен көз карандылыктан эмес, бирер кызыкчылык жүзөсүнөн байланат. Ошондуктан, ал тышкы саясаттын бирер жузъий маселесинде улуу мамлекеттин таасиринен чыгып кетиши да мүмкүн. Себеби, мындай мамлекет улуу мамлекеттин таасири астында турганда өз кызыкчылыгына жетишүү жолун да издейт. Ошондуктан, бул таасирден чыгып кетүү улуу мамлекеттин өз таасири астында болгон мамлекет акимдеринин бийликке келишиндеги таасири менен пропоционалдуу болот. Бул жөнүндө 2013-жылы 30-июлдагы суроо-жоопто мындай делген: «Улуу мамлекеттин өз таасири астындагы мамлекетке карата таасири жана басымынын факторлорун да эсепке алуу керек. Бул факторлор улуу мамлекеттин таасири астындагы мамлекет ушул жузъий маселелерде таасир алкагынан чыгып кетишине жол бербейт. Жол бербөөнүн канчалык күчтүү же күчсүз болушу улуу мамлекеттин өз таасири астындагы мамлекеттеги аким топтун бийликке келишине канчалык таасир өткөрүшүнө байланыштуу. Ошондуктан, эгер улуу мамлекеттин таасири күчтүү болсо, анын таасири астындагы мамлекет ар кандай жузъий маселеде бул таасир алкагынан чыгып кетиши өтө кыйын. Улуу мамлекеттин таасири канчалык азайса, анын таасири астындагы мамлекет улуу мамлекеттин тышкы саясатынан бирер бөлүгүндө же көбүрөөгүндө таасир алкагынан чыгып кетүүгө ошончолук кудуреттүү болот». Мисалы, Канада Америка таасири алкагында болгондой, кызыкчылыктарынын талабына карап Британия таасири алкагында да болот. Бирок, Канада 2015-жылы 29-сентябрда Иран терроризмге демөөрчүлүк кылып жаткан мамлекет деп жарыялап, Канададагы Иран элчилигин жаап койду. Кала берсе, Канада тышкы иштер министри Жон Бэрд: «Иран бүгүн дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудуруп жатат» деп билдирди. Канаданын бул позициясы Америка Ирандын өзү менен бирге региондогу тынчтык жана коопсуздук деп аталган ишке ашкере киришине мүмкүнчүлүк кылып берүү үчүн «бышырып» даярдаган ядролук келишимден кийин жүзөгө келди. Америка таасири астындагы Канаданын мындай иш-аракети жузъий маселеде Америка позициясына каршы чыгуу болуп эсептелет. Канаданын мындай иш-аракети Америка саясатын колдоп-кубаттоо болбойт. Себеби, Американын кызыкчылыгы Канада Иран менен алакаларды үзүшү, аны тынчтык жана коопсуздукка коркунуч туудуруп жаткан террорчу мамлекет деп жарыялашы эмес, тескерисинче, Иранды тынчтык жана коопсуздукка жетишүүгө аракет кылып жаткан мамлекет катары кабыл алышы. Демек, улуу мамлекеттин таасири астындагы мамлекет – эгер, улуу мамлекеттин таасири өз таасири астындагы мамлекет акимдерин бийликке алып келүүдөн алыс болсо – бирер жузъий маселеде улуу мамлекеттин позициясына каршы чыгышы мүмкүн.

Түркияга карата айтсак, жогорудагы 2013-жылы 30-июлдагы суроо-жоопто мындай делген: «Американын Түркияда аким топту бийликке алып келүүдөгү таасири күчтүү. Ошондуктан, Эрдаган Америка жардамысыз бийликке келе албашын жана өз таасирин ичкериде орното албашын сезет. Натыйжада, Эрдаган өзүнүн тагдырын Америка менен байланыштуу деп билет. Себеби, Америка Түркияда чоң таасирге ээ болуп алды. Ушул даражада дейсиң, Америка бийликке, акимдерге, сотко, армияга, коопсуздук аппаратына… өз өкүмүн өткөрө алат. Ошондуктан, Американын Түркиядагы бийликке карата таасири күчтүү. Ушуга ылайык, Түркия ар кандай жузъий маселеде Америка тышкы саясатынын алкагынан чыгып кетиши өтө кыйын». Ошол суроо-жооптун корутундусунда мындай делген: «Т.а. Түркия учурда Америка таасири астында калууда, ошондуктан, Американын Түркия иштерине карата таасири күчтүү. Эгер, абал ушундай уланып Түркия Америкага күчтүү байланып кала берсе, анда Түркия Америкага толук көз каранды болууга жакын келип калат жана анын бирөөнүн таасири алкагындагы абалы суроо астында калат!». Ошондуктан, Түркия Канада деңгээлинде эмес. Американын Түркияга карата таасири ушул даражада күчтүү болуп, мунун акыбетинде Түркия эч бир жузъий маселеде Америка сызган сызыктан чыгып кете албайт. Тескерисинче, Түркия Америкага дагы да күчтүү байланып, ар бир чоң жана кичине маселеде Америка менен бир пикирде болуп келүүдө. Мисалы, Түркия тышкы иштер министринин жардамчысы Феридун Синирлиоглу 2015-жылы 11-августта Американын «Си-Эн-Эн» каналына мындай деди: «Эки мамлекет (Түркия жана Америка) узундугу 100 километр жана туурасы 50 километрге жеткен «тынч» зонаны тургузууга өз ара келишип алды». Түркия тышкы иштер министрлиги мындай билдирүү чыгарды: «Сирия оппозициясынын күчтөрү бул зона үстүнөн өз көзөмөлүн орнотту, ошол эле учурда Америка жана Түркия абадан коргоону камсыздоодо». Ошондо Америка эртеси эле т.а. 2015-жылы 12-августта Америка мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер аркылуу муну четке какты. Тонер мындай деди: «Тынч зона тургузуу боюнча эч кандай келишим жок». Тонер түрк билдирүүлөрүнөн кабарсыз экенин, ошондуктан, аларга карата түшүндүрмө бере албашын айтты. Ал дагы мындай деди: «Биз бул трибунадан жана башка бир нече жагдайларда ал жерде эч кандай тынч зона жок экенин анык айткан элек…». Демек, Түркия бул жузъий маселеде Америка сызган сызыктан чыгып кете албады. Ошондуктан, Түркия тынч зона жаатында Америка менен келишип алганын билдирди. Т.а. Түркия Америка менен келишпестен туруп, анын ыраазылыгын албай туруп тышкы саясатта эч кандай ишти кыла албайт. Ошондуктан, эгер Америка ыраазы болбосо, бул иш жүзөгө чыкпай кала берет. Дагы мисалы, муътадил оппозицияны машыгуудан өткөрүү маселесин алалы. Америка муну бир жыл мурун баштаган жана Түркия буга эч бир каршылык билдирбей ыраазылык берди. Америка базасын ачуу маселеси да ушундай болду. Бул маселе Америка кызыкчылыктарына кызмат кылат. Түркия тышкы иштер министрлиги 2015-жылы 29-июлда Америка менен Инжирликте Америка аскерий базасын ачуу келишимине кол коюлганын жарыялады. Америка самолёттору ушул базадан Сирияга чабуулдарды уюштурат. Булардан башка окуялар да көп. Ошондуктан, Эрдаган доорунда Түркиянын бирер жузъий маселеде Америкага каршы чыгышын элестетип болбойт. Анткени, Түркия тышкы саясатта Америкага көз каранды сыяктуу мамиледе болууда. Эрдаган бийликке 13 жыл мурун келгенден бери Түркия Америкага каршы чыкпады. Эрдаган жакында Америкага көз каранды Салман Саудиясына барды. Эки мамлекет 2015-жылы 30-декабрда алакаларды бекемдөө үчүн ортоктош стратегиялык кеңеш түзүлгөнүн жарыялады. Түркия «терроризмге» каршы күрөшүү үчүн аскерий коалиция түзүү жаатында да Саудияга ыраазылык берди. Бул жөнүндө Саудиянын экинчи канзадасы Мухаммад ибн Салман билдирген.

  • Ал эми, Иран Америка таасири алкагында жүрөт жана эч бир жузъий маселеде бул сызыктан чыкпайт. Ошондуктан, Иран көз каранды мамлекет болуу даражасына дээрлик келип калган. Айрыкча, азыркы президент Хасан Руханий жана анын тышкы иштер министрлигиндеги Америкага малай Жавад Зариф башчылыгындагы командасы доорунда ушундай болду. Ошондуктан, Иран Сирия темасында Түркия менен келишип иш жүргүздү. Түркия тышкы иштер министрлигинин өкүлү Левент Гюмрюкчю 2013-жылы 28-ноябрда «эки мамлекет ортосунда эки тараптуу алакаларды өнүктүрүү боюнча толук келишим» бар экенин жана «Сирия боюнча оң натыйжалуу сүйлөшүүлөр» болуп жатканын о.э. «Сириядагы кризисти чечүүгө жана ал жердеги кан төгүүнү токтотууга тиешелүү эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкка бекем моюн сунуу туурасында толук келишим» бар экенин маалымдаган. 2015-жылы 7-апрелде Эрдаган эки мамлекет ортосундагы алакаларды бекемдөө үчүн Иранга барды. Т.а. Түркия менен Иран ортосундагы пикирий келишпестик эки мамлекеттин тышкы саясатта өз ара келишип иш жүргүзүшүнө жана Америка сызыгынан чыкпашына тоскоолдук кылбады. Түркия ядролук программа туурасындагы сүйлөшүүлөрдө да Иранды колдоп-кубаттады.
  • Бир улуу мамлекетке көз каранды же анын таасири астындагы мамлекеттер ортосунда чыныгы күрөш маанисиндеги күрөш күтүлбөйт. Себеби, ушул улуу мамлекет тышкы саясатты жалпы түрдө башкарат. Адатта күрөшкө ушул саясат өз өкүмүн өткөрөт. Бул, күрөш жагынан ушундай, ал эми, көз каранды мамлекеттердин күрөшсүз өз ара келише албай калышына келсек – бул абал улуу мамлекеттин таасири алкагындагы мамлекеттер ортосунда ачык-айкын байкалат – бул төмөнкү үч абалда болушу мүмкүн:

Биринчи абал: Эгер, келишпестик улуу мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн ролдорду бөлүштүрүү бөлүмүнөн болсо.

Экинчи абал: Келишпестик улуу мамлекеттин тышкы саясатына эч кандай таасир кылбастан ички фактор менен гана болсо.

Үчүнчү абал: Келишпестик малайлардын бирин колдоп-кубаттоо бөлүмүнөн болсо. Бул, ушул малай менен башка малай ортосунда «тынч турган» бирер окуяны «кайнатып» курчутуу менен болот, колдоп-кубаттоону талап кылган нерселер түгөп бүткөндөн кийин окуя дагы тынч абалына кайтат.

Биринчи абалга мисал:

Түркия менен Иран Ирак Күртстаны регионунда Америка саясатын ишке ашырат, бирок, мында экөөсүнүн ролу түрдүү. Тышынан караганда бул ролдор бири-бирине тескеридей көрүнөт, бирок, түпкүлүгүндө андай эмес. Себеби, Түркия менен Ирандын бул түрдүү ролдору Америка кызыкчылыгына кызмат кылат:

  • Мисалы, Иран бул региондо Америка малайларын колдоп-кубаттайт. Масъуд Барзаний англистердин малайларынан. Ошондуктан, Иран Барзанийге каршы Американын ал жердеги малайларын колдоп-кубаттайт. Бул малайлардын бири Горран кыймылы, ал илманий саясий партия болуп, Күртстан регионунда иш алып барат. Аны күрт саясатчысы Нуширан Мустафа 2009-жылы, Америкага малай Күртстан улуттук биримдик партиясынан – бул партия анын төрагасы жана түзүүчүсү Жалал Талабаний Ирак президентине болгондон бери алсырап калган эле – чыккандан кийин түзгөн. Ушул партия Барзаний партиясына окшоп коррупция иштерине малынган. Ошондуктан, Америка жаңы көрүнүштөгү башка партияны түзүү керек деген пикирге келди. Натыйжада, Горран кыймылы пайда болду. Бул кыймыл коррупцияга каршы күрөшүү ураанын көтөрүп чыгууда, Барзанийге каршы оппозицияда иш алып барууда, Барзанийди алсыратууга жана кулатууга аракет кылууда, ушул максатта бул регионду шайлоолор аркылуу эмес, парламент аркылуу башкаруу үчүн шайлоолорду өткөрүүнү талап кылды. Бул кыймыл регион башчысынын укуктарын кыскартып, бул укуктарды парламентке берүүнү талап кылды жана 2013-жылда региондо өткөрүлгөн парламенттик шайлоолорго катышып, парламенттеги 111 орундан 24 орунга ээ болду. Натыйжада, 38 орунду колго алган Барзаний партиясынан кийинки экинчи партияга айланды. Талабаний партиясы болсо үчүнчү орунга түшүп калып, 18 орунду гана жетишти.
  • Ал эми, Түркия Барзанийди өзүнүн таасирине киргизүүгө жана аны Америка пайдасына кысымга алууга аракет кылууда. Ушул максатта Түркия бул региондо көптөгөн экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда. Ошол эле учурда, Түркия Күртстан жумушчулар партиясы ичиндеги англистердин малайларына көрсөтүлүп жаткан ар кандай колдоп-кубаттоону үзүп коюу үчүн Барзанийге басым өткөрүүгө аракет кылууда. Белгилүү болгондой, Күртстан жумушчулар партиясынын мүчөлөрү Ирак түндүгүндөгү Кандил тоосунда топтолуп Түркияга каршы куралдуу амалияттарды өткөрүшүүдө. Түрк самолёттору ушул регионго сокку берүүдө, Барзаний каршылык билдирбей жатат, себеби, ал Түркияга муктаж. Түркия аны мамлекет башчысы катары кабылдоодо, бул региондо түрк консулдугун курду жана Түркия андан нефть сатып алууда.

Ошентип, Түркия менен Иран ролдору тышынан караганда бири-бирине карама-каршыдай көрүнөт, бирок, түпкүлүгүндө экөөсү тең Америка саясатына бүтүндөй ылайык аракет кылууда.

Экинчи абалга мисал:

  • Жакында Саудия менен Иран ортосунда жүз берген кескиндик. Бул кескиндик Нимрди өлтүрүү натыйжасында жүз берди. Бир жылдан ашуун убакыт мурун, 2014-жылы 16-октябрда, мурунку король, англистердин малайы Абдуллах доорунда Нимрди өлтүрүү өкүмү чыгарылган. Абдуллах өкүмдүн аткарылышынан мурун каза болду. Бул шейх Катиф жана Ахсаны Саудиядан бөлүп чыгарып Бахрейнге кайтарып берүүгө чакырган. Белгилүү болгондой, Иран Бахрейнди өзүнүн бир бөлүгү жана өзүнүн он төртүнчү вилаяты деп эсептейт. Ушул өлүм жазасын аткарбоо азыркы король, Америка малайы Салман үчүн ичкериде ыңгайсыз абалга себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан, Саудия Нимрден башка дагы 46 киши өлтүрүлгөнүн жарыялады, Саудия режими алардын 43үн такфирчилер, харижийлер жана террорчу уюмдардын мүчөлөрү деп атады.

Бул, Саудия тарабынан жүз берген нерсе. Иран тарабынан болсо – тайпачылык жана мазхабчылык рухуна толо ички абал себептүү – анын тайпачылк жана мазхабчылык вакиъси мындай шейхтин өлтүрүлүшүнө нааразылык билдирүүнү талап кылат.

Бирок, бул кескиндик эки тарап (Иран жана Саудия) Америка пландарын аткарышына таасир кылбайт. Америка бул кескиндикти токтотууга аракет кылды. Америка мамлеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби мындай деди: «Биз дипломатиялык диалог жана түздөн-түз сүйлөшүүлөр келишпестиктерди чечүүнүн негизги жолдору болуп кала берет деп ишенебиз, биз регион жетекчилерин кескиндикти басаңдатуу үчүн оң кадамдарды таштоого үндөөнү уланта беребиз». (Кудсул Арабий, 2016-жыл, 4-январь). Америка мамлекеттик катчысы Жон Керри да өзүнүн ирандык кесиптеши Жавад Зариф менен байланышып, аны менен бирге бул абалды үйрөнүп чыкты. Ошондон кийин Керри мындай деп билдирүү берди: «Биз кескиндикти басаңдатууну каалайбыз, алардын ортосунда диалогду баштап тынч дипломатиялык чечимге жетишүүнү каалайбыз». (Си-Эн-Эн, 2016-жыл, 4-январь). Ошондон кийин Саудия тышкы иштер министри Адил Жубайр 2016-жылы 4-январда «Рейтер»ге: «Тегеран үзүлүп калган дипломатиялык алакаларды кайра жандантуу үчүн нормалдуу мамлекет катары аракет кылыш керек», деди. Саудиянын БУУдагы өкүлү Абдуллах Муаллимий болсо мындай деди: «Иран менен жүз берген бул кризис Сирия жана Ямандагы тынчтык аракеттерине эч кандай таасир кылбайт, Сирия боюнча Женевада БУУ демөөрчүлүгүндө 25-январдан баштоого чечим кылынган сүйлөшүүлөргө катышабыз…». Сирияга жиберилген эл аралык өкүл Стаффан де Мистура болсо Саудияга келип, анын тышкы иштер министри Жубайр менен жолугушкандан кийин ушуларды айтты: «Саудия Иран менен болгон кескиндиктер Сирия боюнча ушул айда Женевада өткөрүүгө чечим кылынган саясий процесске тиешелүү сүйлөшүүлөргө таптакыр жолтоо болбошун баса белгиледи». (Ал-Жазира, 2016-жыл, 5-январь). Т.а. Саудия менен Иран ортосундагы бул кескиндиктер ички темалардан болуп, алар эки мамлекеттин Сирия козголоңун жок кылуу жана бул козголоңдун исламий долбоорун бууп салуу, Сирияда кылмышкер илманий түзүмдү сактап калууга тиешелүү Америка долбоорун жүзөгө чыгарууга таасир кылбайт.

Ошентип, ички факторлор – бул факторлор жок болгонго же тынчыганга чейин – убактылуу келишпестик болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок, бул келишпестикАмерика көзөмөлү алкагында болот, ошондуктан, Америка кызыкчылыктарына таасир кылбайт.

Үчүнчү абалга мисал:

  • Ибадий (Ирак премьер-министри) түрк күчтөрүнүн Иракта турушуна каршы каршылык билдиргени. Бул маселе Ибадийдин позициясын жана анын өкмөтүнүн позициясын бекемдөө үчүн жүзөгө келди. Себеби, Ибадий жана анын өкмөтүнө болгон ишеним өтө төмөндөп кеткен эле. Ошондуктан, Америка өзүнүн малайы Ибадийдин жана анын өкмөтүнүн жүзүн кооздоп көрсөтмөкчү болду. Ушул максатта Америка ушул теманы козгоду. Америка өз малайын моралдык жактан колдоп-кубаттап, аны мамлекет коргоочусу катары көрсөтүүнү көздөдү! Түркия буга жооп катары, өз күчтөрүн Ибадийдин талабына ылайык анын күчтөрүн машыгуудан өткөрүү үчүн киргенин билдирди. Ушуну менен Түркия Ибадийдин пикирине кошулду жана өз күчтөрүн чектелген көрүнүштө алып чыгып кетти. Ошондон кийин Араб мамлекеттеринин лигасы билдирүү чыгарып Ибадий өкмөтүнүн талаптарын колдоп-кубаттады жана Түркиядан күчтөрүн алып чыгууну талап кылды. Белгилүү болгондой, Араб лигасы Америка тарабынан аракетке келтирилет. Ошентип, бул абал күрөшсүз аягына жетти!

Маалымат үчүн ушуну айтабыз, Америка Ибадийди моралдык жактан колдоп-кубатташынан сырткары, Ибадий өкмөтүнүн мындай шарттарда кулашын каалабайт. Өзгөчө, Ибадий Рамадийди азат кылууга убада берип коюп, муну жүзөгө чыгара албай Америка жардамынын бир «дозасына» муктаж болуп калгандан кийин калтырай баштады. Ошондуктан, Америка Рамадийде тынымсыз аба чабуулдарын уюштурду, Ак үй 2015-жылы 30-декабрда билдиргендей, бул чабуулдар 630га жетти. Мына ошондон кийин Ирак армиясы Рамадийдеги мамлекеттик комплекс үстүнөн көзөмөл орноткону жарыяланды.

Корутунду: Улуу мамлекетке көз каранды же анын таасири алкагындагы мамлекеттер ортосунда күрөштүн жүз бериши ыктымалдан алыс. Тескерисинче, малайларга ролдорду бөлүштүрүү бөлүмүнөн эсептелген, же ички факторлор себептүү, же малайлардын бирин колдоп-кубаттоо үчүн бирер келишпестик жүз бериши мүмкүн. Бул абалдарда ушул мамлекеттер көз каранды болгон ири мамлекеттин кызыкчылыктарына эч кандай зыян жетпейт.

 2-робиус-саний, 1437-х.

 12-январь, 2016-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here