Эрдоган Вашингтонго Түркияны же күрттөрдү тандоону сунуштады

343
1

Интерфакс” басылмасынын кабар беришинче, Түркия президенти Режеп Таййып Эрдоган АКШнын “ИШИМ”ге каршы түзүлгөн эл аралык коалициясынын атайын өкүлү Бретт Макгурк башчылыгындагы делегациянын күрттөрдүн башкаруусундагы Кобани шаарына сапарынан нааразы болгон.

Түркия өкмөтү Женевада Сирия маселеси боюнча БУУнун колдоосу астында өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө күрттөрдүн өзүн-өзү коргоо уюмунун катышуусуна катъий каршы экендигин билдирди жана ушул сүйлөшүүлөргө бойкот жарыя кылышын маалымдады.

 Түркия президенти Вашингтонго карата: “Ал Женевадагы сүйлөшүүлөр учурунда Кобаниге келди жана “күрттөр генералы” ардактуу наамы менен сыйланды. Биз кантип ага ишенебиз? Биздин кайсы бирибиз силердин өнөктөшүӊөрбүз: менби же Кобанидеги террорчуларбы?” – деп суроо берди.

 Анкара “Курдистан жумушчу партиясын” террорчу уюм деп эсептеп жаткан бир учурда, АКШ башчылыгындагы “ИШИМ”ге каршы түзүлгөн эл аралык коалиция күрттөрдү жакындан колдоп-кубаттады.

Эрдоган: “Силер (АКШ) “Курдистан жумушчу партиясын” террорчу уюм деп билесиӊер. Анда эмне үчүн террорчу уюмдардын тизмесине Күрттөрдүн өзүн коргоочу тобун киргизбейсиӊер?” – деп экинчи суроону берди.

Туркистон: 

Эрдоган үммөттү чалгытуу менен мамлекетин жана жарандарын АКШга көзкаранды кылып берип, эми уялбастан Ислам жана мусулмандарга каршы аны менен өнөктөш экендигин айтып жатат.

Кордук абалына ыраазы болуу менен, өз кожоюнунан күрт мусулмандарын кордоп беришин, же болбосо аларды бир аз кордоп алууга уруксат беришин суранууда.

Мындан ашкан да кордук болобу?

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here