Зиядулла кары боордошубуздун жакындарына таъзия

290
0

Аллах таала кээ бир адамдарга узун өмүр берсе да, ал адамдар өмүр бою Ислам дини жана мусулмандар кызыкчылыгы үчүн бирер иш кылбастан, дүйнөгө кандай келген болсо ошондой өтүп кетет экен. Кээ бир пенделерине кыска өмүр берсе да, ал пенде ушул кыска өмүрүндө адамдардын дилинде тереӊ из калтырып, өзүнүн артынан миңдеген мусулмандарды ыйлатып кетет экен.

Окурмандарыбыздан келген кабарга ылайык, Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында төрөлүп өскөн Абдулхаев Зиядулла да Аллах Таала берген кыска өмүрүндө артына жакшы из калтырып, миңдеген мусулмандарды кайгыга салып акыркы сапарына узап кетти.

 Аллах Таала тарабынан белгиленген ажал Зиядулланы 25 жаш курагында арабыздан алып кетти. Боордошубуз Зиядулла 4-февраль бейшемби  күнү Жалал-Абаддан кайтып келе жатканда жол кырсыгына учурап, дүйнөдөн кайтты. Мейли, биз Курани Каримди толук жаттаган бир мусулман боордошубуздан айрылып калганыбыз себептүү көздөрүбүз жашка толсо да, Аллахты ыраазы кылуучу сөздөн башкасын айтпайбыз:

إنا لله وإنا إليه راجعون

Албетте, биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз

[2:156]

Зиядулланын жума намазынан кийин белгиленген жаназасына област жана район казыятынан өкүлдөр о.э. көпчүлүгү жаштардан турган 3000 чакты адам чогулуп, такбир жана тахлил астында аны акыркы сапарына узатып коюшту. Сөөктү көтөрүп 2-3 чакырым аралыктагы мазарга жеткенге чейин жаназа намазына кечигип калган адамдар кошулуп отуруп жалпысынан 4-5 миӊ адам чогулду.

 Карапайым бир мусулмандын жаназа намазына ушунча көп адам чогулгандыгы күч түзүмдөрүнүн тынчын алып койгон окшойт, себеби алар аза күтүп жаткан үй-бүлөгө көӊүл айтуунун ордуна, жаназа намазынан кийин 10-бөлүмдүн кызматкерлери келип, жаназа намазына ким башчылык кылганын сүрүштүрүп, айылдагылардан түшүнүк кат жаздырып алуу менен убара болуп, эки күндөн бери айылды аралап жүрүшөт экен. Алар Аллах Ислам дининин камы менен жүргөн, аны бийик кылуу жолунда кайгырган пенделерин эгерде кааласа төрт дубалдын ичиде да, тирүүсүндө да жана өлгөндөн кийин да азиз кылып коюуга кудуреттүү экендигин билишпейби.

 Зиядулла Ислам динин бекем карманган, таквадар үй-бүлөдө жарыкка келип, жаш кезинен баштап диний билим алууга шыктанган. Андагы шыктанууну көргөн атасы Абдулхаев Жунайдулла жалгыз уулун 8 жашынан баштап карыга шакирттикке тапшырып, натыйжада ал хафизи Куран болуп жетилип чыккан. Куранды жаттоо менен эле чектелбеген Зиядулла Бишкектеги медреседе сабагын улантып, медресени да жогорку баалар менен аяктаган. Исламий билим алуу жолунда өмүрүн өткөргөн Зиядулла мындан үч ай мурда үйлөнгөн экен.

 Бир уул жана эки кыздын атасы Жунайдулла да Ислам динин бекем карманган таквадарлыгы жана адалдыгы менен элдин арасында кадыр-баркка жетишкен мусулмандардан болуп, айылдагы мечиттин курулушуна өтө чоӊ салым кошкон экен. А бирок, элдин ичиндеги кадыр-баркынан корккон күч түзүмдөрү анын мечитке имам болушуна катуу каршылык көрсөтүшкөн, бирок ал элдин талабы менен Жума намаздарында имамдык кылып берет экен.

 Биз Кудуреттүү Аллахтан боордошубуз Зиядулланы Өз рахматына алышын, күнөөлөрүн кечиришин, бейиште пайгамбарлар, сиддиктер жана шейиттер менен бирге кылышын  сурап калабыз. Мейли, кечигип болсо да атасы Жунайдулла агабызга, энеси Алияхан эжебизге, жубайына, карындаштары жана тууган-уруктарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз. Аллах силерге көркөм сабыр берсин. Аллах силерди чырайлуу сабыр кылуунун артынан жакшылыктар менен сыйласын.

 Туркистон редакциясы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here