АКШ менен Казакстандын ортосунда аскерий кызматташтык планы иштелип чыкты

253
0

АКШ менен Казакстандын ортосунда аскерий билим берүү тармагында бир жылдык кызматташуу планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги маалымдады.

Коргоо министрлигинин билдиришинче, 3-февраль күнү Казакстан менен АКШ ортосунда аскерий кызматташтык тобунун ылайыкташтыруучу жооптуулары эки күндүк жыйын өткөрүшкөн. Жыйындын соӊунда эки мамлекеттин куралдуу күчтөрү ортосунда 2016-2017-жылдар үчүн план даярдалгандыгы жарыя кылынды.

Казакстан менен АКШ аскерий кызматташтыгынын негизги багыттары – биргеликте аракет кылуу, куралдуу күчтөрдүн профессионалдуулугун көтөрүү, өз ара аскерий жардамдашуу жана кызматташтыкта аскерий машыгууларды өткөрүүдөн турат.

Планга ылайык, АКШлык аскерий адистер Казакстан аскерий окуу жайларында билим берүү усулдарын иштеп чыгышат жана ушул алкакта куралдуу күчтөргө командачылык кыла турган, аларды машыгуулардан өткөрө турган, көзөмөл кыла турган, согуштагыдай түрдүү тапшырмаларды аткара турган офицер даражасындагы аскерий күчтөрдү түзүүдө казактарга жардам беришет.

Казакстан менен АКШнын аскерий окуу жайларында жакынкы келечекте аскер алмашуу да негизги маселе катары каралат.

Туркистон:  

Ушул күндөрдө Казакстанга Түркия премьер-министри Давутоглунун келиши менен жогорудагы АКШ жана Казакстан ортосундагы аскерий келишимдин түзүлүшү албетте бири-бирине байланыштуу. Жогорудагыны Путиндин басымдарына казак президентинин жообу болду деп айтсак да болот.

Россия Украинада орус тилдүү калктын туйгуларынан пайдаланып аларга Батыш сакафаты кирип кетишине жол бербеген эле. Натыйжада Украинанын көпчүлүк бөлүгү азыр деле Россиянын сакафий колониясы астында турат. Казакстан болсо Украинадан да алсызыраак абалда. Казакстанда Батыш сакафаты өтө алсыз. Казактардын улуттук туйгуларын күчөтүү менен орус сакафатына каршы даярдануу өтө кооптуу. Улутчулдук курчуган кырдаалдан Путиндин өзү – Кыргызстандагы Ош окуясы сыяктуу – пайдаланып кетиши мүмкүн.

Ошондуктан, Назарбаев АКШдан кудум Украина сыяктуу жардам сурай баштады. Назарбаев Путин азыр Сирия маселесинде жана Украинадагы абалда АКШнын таасири астында иш жүргүзүп жаткандыгынан кабардар. Ал дагы Путин ички проблемаларды жөнгө салуу үчүн эң ыӊгайлуу жана тез тутанышы мүмкүн болгон согуш майданын издеп жаткандыгын да жакшы билет. Казакстан болсо, кудум ошол эң ыӊгайлуу регион болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here