Женева-3 сүйлөшүүлөрү Америка менен Россиянын ыплас келишими негизинде башталат

266
0

Женева-3 сүйлөшүүлөрү Америка менен Россиянын ыплас келишими негизинде башталат

Ушул жылдын 25-январына белгиленген Женева-3 конференциясы башталбай жатып, Сирия режиминин эркеси болгон жасалма оппозиция делегациясы Женевага жетип келди. Сирия Демократиялык Кеңеши деп аталган бул оппозиция дароо конференциядан орун алды. Бул делегация оппозиция ички документтерди тартипке келтирүү о.э. БУУ өкүлү де Мистура менен жолугушуп, анын шарттарын кабыл алууга даярдык көрүү үчүн жолугушууларды өткөрүүгө киришти. Де Мистура шарттарынын эң маанилүүсү – «Жайшул Ислам» менен «Ахрарур Шам» кыймылдарын оппозиция делегациясына киргизилишин четке кагуу. Сирия Демократиялык Кеңеши Америка жана Россия сыяктуу ири күчтөр тарабынан иштелип чыккан сценарийди ойноо менен Сирия Улуттук Коалициясынын жолун торой алды. Рияз Хижад жетекчилик кылган Улуттук Коалиция бул делегацияны сүйлөшүүлөргө киргизбөөгө урунуп келген.

Сирия Демократиялык Кеңеши жаңы түзүлүп, Башар режими менен ашкере тил бириктирүү менен таанылган үч күчтөн турат: Күрт калкын коргоо отряддары, айрым араб урууларынан түзүлгөн Сирия Демократиялык күчтөрү, Хайсам Манна жетекчилиги астындагы үч (Баалуулук-Жарандык-Укук) сөздү ураан кылып алган Камх агымы жана Сирия күрттөрүнүн жарым автономдуу башкаруусун түзүүгө ачык чакырып жаткан Салих Муслим жетекчилиги астындагы Күрт Демократиялык Союзу партиясы. Бул кеңеш Сирия майданындагы жаңы саясий жана аскерий күч катары көрүлүүдө, ал өзүнүн салмагына ээ. Коалиция аны менен эсептешүүгө мажбур. Себеби, бул кеңешти Америка, Россия жана БУУ колдоп-кубаттоодо.

Тышкы иштер министрлеринин жардамчылары даражасындагы Америка менен Россия жооптуулары ортосундагы кеңири көлөмдүү кеңештер Женевада 13-январда башталган. Энн Паттерсон менен Геннадий Гатилов конференция башталышы алдынан соңку даярдык пландарын белгилейт. Америка мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби мындай деди: «Керри жана Лавров жакын байланышта калууга о.э. жакынкы күндөрдө жолугушуу үчүн убакыт табууга келишип алышты».

Америкалык жана орус жооптуулары ортосундагы ушул жолугушуулардын, кеңештердин талабына ылайык, де Мистура Женева-3 конференциясына катышуу үчүн Сирия бийлиги менен оппозиция өкүлдөрүнө чакыруу жолдойт. Конференция белгиленген убакытта т.а. 2016-жылы 25-январда өз ишин баштайт. Өткөн бейшемби күнү Америка мамлекеттик департаменти: «Америка менен Россия эч кандай алдын ала шарттарсыз Женева сүйлөшүүлөрүн өз убагында, 25-январь күнү өткөрүүгө келишип алышкан», – деп билдирди. Россия тышкы иштер министринин орун басары жана Россиянын Ортоңку Чыгыш жана Түндүк Африкадагы атайын өкүлү Михаил Богданов «Новости» агенттигине берген интервьюсундай мындай деди: «Ушуну түшүнүп алуу керек, Женева-3 бир жолку иш чара эмес, ал саясий кайратты, сабырдуулук жана убакытты талап кылган сүйлөшүү процесси. Биз бул сыяктуу конференциянын өткөрүлүшүн колдоп-кубаттообузга ылайык деп эсептейбиз. Ушул себептен улам, Женева-3кө даярдык көрүү үчүн амалий кадамдарды таштадык».

Женева-3 конференциясын өткөрүү чакырыгы Коопсуздук Кеңешинин 2015-жылы 18-декабрдагы №2254 резолюциясына, Вена документине жана эл аралык Париж төрттүгүнө таянат. Ушул резолюция, документ, төрттүк экстремизмге (Исламга) жана терроризмге (жихадга) каршы күрөшүүгө о.э. шарият менен башкаруу талабын четке кагууга чакырат. Сириядагы мамлекетти илманийлик, демократиялык, көппартиялуулук негизинде тургузууга чакыруу о.э. Батыш хазаратынын түшүнүктөрү негизине курулган жана динди саясаттан ажыратуу иделогиясынан келип чыккан жаңы жарандык конституцияны иштеп чыгуу аркылуу Исламга каршы күрөшүлөт. О.э. Сирия кризисин түрдүү баскычтар менен чечүүгө аракет кылуу менен Ислам жана жихадга каршы күрөшүлөт жана шарият башкаруусу четке кагылат. Бул баскычтар – бийлик менен оппозиция бир өкмөттүк курамга кирип, президент Башар Асад өз кызматында белгилүү бир мөөнөткө кала турган өткөөл доору менен башталып, Сирияда уланып жаткан күрөшкө белгисиз жалпы саясий чечим берүү менен аягына жетет.

Америка менен Россия сүйлөөшүүгө катыша турган тараптарга байланыштуу беренелерди, айрыкча, конференцияга катыша турган оппозициячыл топтордун аттарын бузууга аракет кылууда. Россия менен Сирия Демократиялык Кеңеши айрым исламий топтордун, айрыкча, «Жайшул Ислам» жана «Ахрорур Шам» кыймылдарынын катышуусуна каршы чыгып, аларды террорист деп сыпаттоодо. Россия алардын ордуна он беш адамдын аты жазылган документти сунуштоодо. Бул адамдар түпкүлүгүндө оппозиция катары Женевага келишкен. Алардын негизгилери: Күрт Демократиялык Союзу партиясынын төрагасы Салих Муслим, мурунку дипломат Жихад Макдисий, Демократиялык Минбардагы жетекчи Самир Атийя, Өзгөртүү жана Азаттык элдик фронтунун жетекчиси Кудрий Жамил. Алардан тышкары, унутта калган Дамасктагы расмий оппозициядагы топтор да тыгыштырылып, алардын баары Башар режиминин тарапкерлерине кирет.

Россиянын Салих Муслим жана анын оппозициядагы тобун сүйлөшүү катышуучуларына кошуу сунушуна Америка да ыраазы. Өзгөчө, Америка «Мамлекет уюмуна» каршы согушунда Сириядагы демократиялык күчтөрдү колдоп-кубатташын жана бул күчтөр арасында Салих Муслим негизги ролду ойношун этибарга алганда, Американын буга ыраазы болушу анык.

Ошондуктан, Женева-3 конференциясы боюнча Россия менен Америка ортосунда – ал тургай, үстүртөн болсо да – бир да карама-каршылыкка күбө болбодук. О.э. Сирия документин башкаруу жана конференция жыйындарын көзөмөлдөө иштери де Мистурага тапшырылышында да эч кандай карама-каршылыкты көрбөдүк. Өзгөчө, Иран өзүнүн ядролук долобоорундагы эң маанилүү элементтерден баш тартышы артынан ага карата киргизилген санкциялар алып салынган соң, бул эки мамлекет Ирандын катышуусун да каалап жатат.

Булар – кыскача айтканда – Женева-3 конференциясынын акыйкаты. О.э. кооптуу адаштыруулар да мына ушулар. Америка менен Россия мына ушинтип Сириядагы козголоңго о.э. ал жердеги мусулмандарга каршы күрөшүүдө. Ушул конференция козголоңду бастыруу, тизгиндөө жана козголоңчуларды Америка көрсөтмөлөрүнө чөгөлөтүү үчүн болгон кезектеги аракет. Бул конференция массалык түрдө өлтүрүүдө, блокадага алуула, ачка калтырууда жана ойрон кылууда курал катары кызмат кылат. Алар ушул аркылуу Сирия калкын күч менен эзип, багынууга жана улуу исламий долбоордон баш тартууга мажбурламакчы болушууда.

Мына, жарым кылымдан ашса да, мусулмандар күнү-түнү маалымат каражаттарынан ошол эски ураандарды угуп келет. Ошого карабастан, бардык азап-укубаттарды башынан өткөрүшүүдө, зордоп тыгыштырылган капиталисттик демократиялык түзүм себептүү бардык кыйынчылык азаптарды тартышууда… Исламий өлкөлөрдө демократия жана адам укуктары чүмбөтү астында канчалаган кылмыштар жасалбады дейсиң?! Улутчулдук жана жарандык мамлекет үгүтчүлөрүнүн колу менен канчалаган кырсыктар жасалбады дейсиң?! Ислам Үммөтү көп жылдардан бери мына ушундай инсан тарбынан түзүлгөн куфр түзүмдөрү астында жашашууда. Үммөт турмуштун бардык тармагында артта калып, зулум жана ийгиликсиздикте жашап келет.

Эй Сириядагы козголоңчулар!

Мындан мурун байма-бай алданганыңар сыяктуу, кезектеги конфренцияларга да алданып калбагыла! Туурасы, Америка жана анын шериктеринин күнү-түнү силерге каршы даярдап жаткан кезектеги тил бириктирүүлөрүнө алданып калбагыла. Эгер, Женева-3тү кабыл алсаңар, ийгиликсиздик, кордук, шерменделик жана жеңилүүдөн башка натыйжаны көрбөйсүңөр.

Конференция колдоочуларынан эмнени күтүп жатасыңар?! Кылмышкер жана фитначы Америкадан эмнени күтүп жатасыңар? Деги, Америка ушул беш жылдык козголоңуңарда тогут Башар режимин мыйзам жагынан коргоп, бийликте калууга мүмкүнчүлүк жаратып бербедиби?! Америка Россия менен Иранга Асад режимин бардык материалдык жана турмуштук ресурстар менен камсыздашына уруксат бербедиби?! Кулоо астында турган режим Сирияны ойрон кылып, кыргындарды жасашына жана шаарлардын күлүн көккө сапырышына таштап койгон – ушул Америка эмеспи?!

Россиядан эмнени күтүп жатасыңар, анын учактары Сириядагы шаарларга жана турак-жайларга аба-чабуулдарын жасап, өлүм бомбаларын жана ойрон кылуучу ракеталарын башыбызга жаадырбадыбы? Куралсыз, күнөөсүз аялдар-балдарды кыргын кылып, үй-жайларды жашоочулары менен кошо кыйратпадыбы?! Ушунча кылмыштарды жасаган Россия мусулмандар туурасында убадага да, милдетке да турбаган мамлекет!

Демек, ушул эки кылмышкер мамлекет конференциянын колдоп-кубаттоочусу болгон соң, Аллах акысы, кантип аларга ишенип жатасыңар?!

Силер бул эки мамлекетке гана эмес – түпкүлүгүндө, Аллахтын нусратына ишенген ар бир мусулмандан ушул нерсе күтүлөт – Саудия, Түркия, Катар, Иран сыяктуу аларга малай мамлекеттерге да ишенүүнү токтотушуңар зарыл. Себеби, бул мамлекеттер ушул эки мамлекет сызган сызыктан чыкпайт.

Ал эми, Женева-3 конференциясын – Аллах сактасын – кабыл алсаңар, анда, кыйроо жана анык жеңилүү жолун тандаган болосуңар. Себеби, ушул конференция душмандарыбыз бизге көрсөтүп берген жолду кеңейтип берет. Бул жол оор, узун жол болуп, азап-укубаттарга, блокадаларга, кыргындарга толо. О.э. бул жол дүйнө жана акырет ийгиликсиздигине жана кордугуна алып барчу шайтаний жолдордун бири.

Силер үчүн, козголоңчулар жана бардык мусулмандар үчүн эң жакшысы – бул жолду үзүп салуу, четке кагуу жана кулатуу, анын ордуна Аллах жана Расулунун арканын бекем кармоо. Аллах силерди жана бизди Үммөт үчүн жакшылык болгон нерсеге жеткирсин!

Абу Хамза Хутваний калемине таандык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here