Талибан сүйлөшүүлөрдүн шарттарын жарыя кылды

291
0

Талибан делегациясы Катар мамлекетинин борбору Дохада Афганистан Жогорку Тынчтык Кеңешинин мүчөлөрү менен алгачкы жолугушууну өткөрдү. Жолугушууда 14-жылдык АКШ баскыны жана жарандык согушту токтотуу назарда тутулган расмий тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Талибан кыймылы өзүнүн шарттарын жарыя кылды. Талибандын өкүлү Забихуллах Мужахид сүйлөшүү башталышынан мурда «эл аралык терроризм» тизмесинен Талибан кыймылы алып салынышын талап кылды.

“Ар кандай расмий тынчтык сүйлөшүүлөрү өткөрүлүшү үчүн биздин мужахиддерибиз АКШнын жана БУУнун терроризм тизмесинен алып салынышы жана аларды кармагандар үчүн убада кылынган сыйлыктар жокко чыгарылышы керек”, – деди Талибан кыймылынын өкүлү Забихуллах Мужахид.

2013-жылы Катардын борбору Дохада ачылып, бирок,  кээ бир себептерден улам кайрадан жабылып калган Талибан саясий бюросунун кайрадан ачылышын талап кылган Забихуллах ушуга чейинки өткөрүлгөн жолугушууларга «оң» баа берди.

Талибандын өкүлү “AFP” маалымат агенттигине берген интервьюсунда: “Бүгүнкү күнгө чейин бир нече жолу жана бир нече чекиттерде келише алдык деп айтууга болот. Биринчи орунда бардык чет өлкөлүк кошуундар чыгарылат. Ал эми бул иш кандай аткарылышы туурасында келише элекпиз”, – деди.

 Ал: “Айрыкча, көз карандысыз исламий режим түзүү туурасында баарыбыздын пикирибиз бирдей. Катышуучулардын көпчүлүгү режимдин аталышы “Афганистан Ислам Амирлиги” болушуна ыраазы”, – деп кошумчалады.

Жогорку Тынчтык Кеңешинин сабында афган өкмөтү тараптан өкүл катары катышып жаткан Аминуддин Музаффарий болсо Талибан кыймылынын талап жана шарттарын бир аз сындаган маанидеги пикирин билдирди.

Ал “AFP” маалымат агенттигине берген интервьюсунда: “Ар кандай талап жана шарттар келишүү мөөнөтүнүн кечигишине себеп болууда”, – деди.

Сүйлөшүүлөр эл аралык “Pugwash Conferences” деп аталган топтун башчылыгында өткөрүлүүдө. “Pugwash”тын жетекчиси Паоло Cотта-Рамусино Афганистандын проблемалары аскерий жол менен чечилбестигин баса белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here