АКШ сүйлөшүүгө катышуу үчүн Сирия оппозициясына басым өткөрүүдө

275
0

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия сүйлөшүүлөрү жөнүндө билдирүү берди. Жакшы натыйжаларга жетишүүдөн үмүттөнгөн Керри сүйлөшүүлөр кечиктирилиши мүмкүн экендигин билдирди. Керринин айтымында, бул жолугушуунун качан башталары 48 сааттын ичинде анык болот. Буга себеп, тараптардын бир пикирге келе албагандыктары.

Россия, Саудия, Франция жана Түркия тышкы иштер министрлери менен о.э. БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура менен жолугушкандыгын айтып өткөн Керри сүйлөшүүлөрдүн келечеги сириялык тараптардын колунда экендигине басым жасап, аларды олуттуу болууга чакырды. Эгерде тараптар келиша алышпаса согуш улана тургандыгын айтып коркутту.

“Аткарышыбыз керек болгон иш ушул, жолугушуу башталган кезде ар кимдин аткара турган ролу анык болушу керек. Ошондо гана бирер проблема болбойт. Сүйлөшүүлөр биринчи күндөн эле эч бир натыйжасыз башталышын каалабайбыз”, “Тараптар олуттуу иш алып барууга мажбур. Эгерде олуттуу болушпаса согуш уланат. Биз колубуздан келгенин кылдык. Эми сөз аларда калды”, – деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Ошол эле учурда Сирия оппозициясынын башкы сүйлөшүүчүсү Женевада тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри тараптан катуу басым өткөрүлүп жаткандыгын билдирди. Жайшул Ислам саясий бюросунун башкы сүйлөшүүчүсү деп жарыя кылынган Мухаммад Аллуш АКШнын басымына “улуу жооп” кайтарышын билдирип, бирок тафсилатына киришпеди.

Сирия оппозициясы сүйлөшүүлөргө кошулуу үчүн Сирияда авиа соккуларды токтотууну, курчоону алып таштоону жана камакка алынган оппзиция өкүлдөрүн боштондукка чыгарууну негизги шарттардан деп жарыя кылышкан. А бирок, Сирия калкы Женева жыйынын “Тозоку конференция” деп атап, аны четке кагышын билдирүүдө. Элдин өкүлдөрү баса белгилегендей, ага катышуу Аллахка, Расулуна жана мусулмандарга кыянат болуп эсептелет. Ошондуктан, алар ар кандай сүйлөшүүлөрдү четке кагышын жана шарияттан башка эч нерсеге ыраазы болбостугун билдирип жатышат.

БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура да 25-январга пландаштырылган жолугушуу өз ара келишпестиктер себептүү кечиктирилгендигин билдирди.

Мистура Женевада өткөрүлүшү пландаштырылган жолугушуу боюнча өткөргөн маалымат жыйынында: “Бүгүн чакыруу каттарын жибере баштаймын. Женева конференциясы 29-январь күнү өткөрүлөт”, – деди.

О.э. ал:“Чакырыла тургандар туурасында түрдүү көз караштар бар. Сүйлөшүүлөр бир нече борборлордо жүрүп жатат. Женева-2де жүз берген иштер кайталанбастыгы үчүн бул жолу катышуучуларга катуу көңүл буруп жатабыз, туура кадамдар менен баштоону каалайбыз”, – деп кошумчалады.

“Женева-1 конференциянын натыйжалары азыр деле күчүндөбү”, – деген суроого, ал: “Ооба. Ар бир нерсе Женева-1 декларациясы менен башталат. Өткөөл мезгил өкмөтү, жаңы конституция, шайлоо ж.б.у.с.”, – деп жооп берди Мистура.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here