Обама Россияга каршы Түркияны колдоп-кубаттады

275
0

Климаттын өзгөрүшү боюнча Франция борбору Париж шаарында уюштурулган саммитте АКШ президенти Барак Обама Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуу болжол менен бир саатка созулду.

Жолугушуудан кийин маалымат каражаттарына билдирүү берген Обама, Россия жана Түркия ортосундагы кескиндикте Түркиянын жанында экендигине ишара кылып өттү. Россия самолётунун атып түшүрүлүшү окуясына токтолгон Обама Түркия өкмөтү өзүнүн аба мейкиндигин коргоого укуктуу экендигине басым жасады.

“АКШ Түркиянын чегараларын жана аба мейкиндигин коргоо укугуна ээ экендигин ар дайым тан алган. Биз Түркиянын өз аба мейкиндигин коргоо укугуна ээ экендигин колдоп-кубаттайбыз”, – деди АКШ президенти.

Эрдоган менен Түркия-Россия ортосундагы кескиндикти азайтуу маселеси тууралуу да сүйлөшүп алгандыгын айтып өткөн Обама проблемалар дипломатиялык жана саясий жолдор менен чечилиши керектигин билдирди. Обаманын айтымында, Россия жана Түркия өз ара күчтөрүн бириктирип, региондогу жалпы душманга каршы күрөшүүсү керек.

“Түркия менен Россия ортосундагы келишпестикти азайтуу үчүн биргеликте кантип аракет кылуу керектигин талкуулаштык”, “Түркия жана Россия ортосундагы кескиндиктин күчөшүнө жл берүүгө болбойт”,“Биз кескиндик күчөшүн каалабайбыз”, “Биздин максатыбыз коалициялык күчтөр менен биргеликте ортоктош душманыбыз болгон ИШИМди токтотуу. Түркия бул жаатта ар дайым бизди колдоп-кубаттап келе жатат”, – деди Обама.

Обамадан кийин сөзгө чыккан Эрдоған Түркия-Россия мамилелери тууралуу сөз кылып “Биз да тынчтыкты каалайбыз. Биздин максатыбыз региондо тынчтыкты орнотуу үчүн салым кошуу жана дипломатиялык түрдө натыйжага жетишүү. Себеби, региондогу кескиндик бизди да кайгыга салды”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here